КЫРГЫЗТЕСТ: КӨЧМӨ ТОП ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА

«Кыргызтесттин» көчмө тобу 2024-жылдын 23-ноябрында Ош шаарындагы мобилдик тестти жыйынтыктап, 26-ноябрдан тартып Жалал-Абад облусунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин арасында тест жүргүзө баштады. 25-29-ноябрь күндөрү Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынын, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары,  кадастр,  геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад жана Аксы филиалдарынын, Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгынын, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, М.Конгантиев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгынын, Таш-Көмүр, Чаткал, Кара-Көл жана Базар-Коргон райондук сотторунун кызматкерлери тестке катышып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныкташты.

Ал эми Бишкек шаарында бекитилген график боюнча Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын, Финансылык кредиттик фонддун жана КР Ички иштер министрлигинин Борбордук Аппаратынын кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести жүргүзүлдү.

Жалал-Абадда облусу жана Бишкек шаары боюнча жалпы 521 адам тест тапшырды.

You may also like...

baywin güncel girişcasibomJOJOBETjojobet girişgrandpashabet