КУБАНЫЧ ТАРТУУЛАГАН ИШ-ЧАРА
Бүгүн 2025-жылдын 5-мартында “Святой Равноапостольный князь Владимир” мектебинде эне тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилиндеги баатырлардын өз жанын аябай күрөшкөн эрдиктери жана алардын кайталангыс өмүр жолдору көрсөтүлүп, ошол кездердин маанилүү учурларына арналган чакан сценкалар көрсөтүлдү. Мындан тышкары, мектептин окуучулары Россиядан келген блокаданын балдары тууралуу кеңири маалымат берип, алардын Кыргызстандагы ошол учурдагы жашоо-турмушун чагылдырган атайын видеороликтерин көрсөтүшүп, ар бир чын жүрөгүнөн чыккан сөздөрүн толкундануу менен айтып жатышты. Салтанаттуу иш-чарага Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери да катышып, өзүнүн баатырдык мурасын жаш муунга таратты.
Кубанарлык жагы: Иш-чара толугу менен кыргыз тилинде өтүп, орус тилдүү балдар толкундануу жана сыймыктануу менен мамлекеттик тилде таза сүйлөп, ырдап жатышты.
Мамлекеттик тилибиздин өнүүнүсүнө, тарыхыбыздын сакталышына, балдардын патриоттук сезимдеринин калыптануусуна терең басым жасаган мындай мектептердин саны өсө берсин! Мектеп жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз!








