ЛЕКСИКА
Жогорку деңгээлдин лексикалык минимуму аталган стандарттын тематикалык жана интенциалык минимумунун алкагында баарлашууну камсыз кыла турган 6000ге жакын сөздү түзөт. Бул деңгээлдин негизги активдүү сөздүгү тиричилик, окуу жана социалдык-маданий чөйрөлөрдөгү сүйлөшүүнү камсыз кылат.
Мамлекеттик тилде жогорку (С1) деңгээлде билүүдөгү лексикалык минимумдун тематикалык планы
Тема |
Теманын мазмуну |
Өзү жөнүндө
Үй-бүлөсү жөнүндө
Курбу-курдаштары жөнүндө |
- Фамилиясы, аты, атасынын аты;
- Улуту (тизме);
- Туулган жери/жашаган жери (өлкөсү, аймагы, шаары же айылы);
- Кесиби (окуусу/жумушу/аткарган иши);
- Келбети (өңү-түсү, өлчөмү, формасы);
- Ички дүйнөсү (мүнөзү/адамдын акыбалы, сезимдери);
- Жаш-курагы (эсептик сан).
|
Тема |
Теманын мазмуну |
Турак-жайы. Үйү |
- Үйдүн түзүлүшү;
- Бөлмөлөрү;
- Эмереги;
- Тиричилик техникасы;
- Тиричилик буюмдары;
- Идиш-аягы;
- Багы/короосу.
|
Күнүмдүк турмушу |
- Күн тартиби;
- Окуу (окуу жайларынын түрлөрү/класс, аудитория/ кеңсе буюмдары/окуу процесси);
- Кесиптин (гуманитардык, табигый, так/техникалык) түрлөрү.
|
Убакыт-мезгилди билдирүү |
- Убакыт (саат);
- Күндөр, айлар, жыл мезгилери, жылдар, кылымдар (иреттик сан).
|
Шаары. Айылы |
- Көчөсү;
- Унаасы;
- Шаарды/айылды/ билүү/багыт алуу;
- Коомдук жайлар.
|
Өлкөсү. Мамлекети |
- География (дүйнө бөлүктөрү/административдик бөлүнүш/жаратылыш). Кыргызстандын флорасы жана фаунасы;
- Кыргыз элинин тарыхы, каада-салттары;
- Кыргыз элинин кол өнөрчүлүгү;
- Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары;
- Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы жана ыр-бий өнөрү.
|
Соода жана тамактануу жайлары |
- Дүкөндө, супермаркетте, базарда, күркөдө (азык-түлүк/кийим-кече/белектер)
- Үйдө, ресторанда, кафеде, буфетте, ашканада
|
Кызыккан нерселери |
- Спорт, ырлар, бийлер, туризм ж. б. у. с.
- Кол өнөрчүлүк (сүрөт тартуу, чаптоо, токуу, сайма саюу ж. б. у. с.)
|