МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ БАЗАЛЫКДЕҢГЭЭЛДЕ БИЛҮҮГӨ КОЮЛГАН ТАЛАПТАР

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ БАЗАЛЫК
ДЕҢГЭЭЛДЕ БИЛҮҮГӨ КОЮЛГАН ТАЛАПТАР
1.КОММУНИКАТИВДИК КОМПЕТЕНЦИЯСЫНЫН МАЗМУНУ
1.1 СҮЙЛӨШҮҮНҮН МИЛДЕТТЕРИ, МАКСАТТАРЫ, МАЕКТЕШҮҮ КЫРДААЛДАРЫ ЖАНА ТЕМАЛАРЫ.

БАЗАЛЫК деңгээлде сүйлөшүүнүн максатын ишке ашырууда жарандар белгилүү кырдаалдарда коммуникативдик процессти түзүүчү төмөндөгү ниет-максаттарды (интенцияларды) кыргыз адабий тилинин нормаларына ылайык расмий жана расмий эмес формада оозеки жана жазуу түрүндө аткара билүүсү керек

1.1.1 коммуникативдик ниет-максаттарды ишке ашыруу

Сүйлөө этикетине жараша маекке катышып, байланыш түзүү:                                                                                                                                                              бейтааныш адамдар менен маекке катыша алуу, өзүн же башка адамды тааныштыра алуу, улуту, жашаган жери, дареги, окуган жери, аткарган иши, адистиги, кызматтык орду жана милдеттери жөнүндө жөнөкөй сөздөр менен кыскача айтып, кызыккан маалыматын сурай билүү; ыраазычылык билдирүү, кечирим суроо жана жооп бере билүү, кайталап коюусун өтүнүү, куттуктоо, каалоо-тилектерин билдирүү.

Маалымат сурап-билүү жана билдирүү:

кептик жүрүм-турум талаптарына ылайык болгон окуя же факт, адам, буюм, алардын бар же жок экендиги, сапаты, саны, таандыгы, кыймыл-аракеттин, окуянын орду, убактысы, себеби жана максаты жөнүндө маалымат жана суроо бере алуу;

Баа берүү, мамилесин билдирүү:

кимдир бирөөнүн жасаган ишине, нерсеге, фактыга, окуяга карата кубаттоосун, каалоосун, өтүнүчүн, кеңешин, сунушун, талабын, чакырууну, макул же макул эместигин, убада жана уруксат берүү же тыюу салууну, бир нерсенин аткарылышына ишенүүсүн же күмөн экендигин этикет талаптарына ылайык билдире алуу.

Жөнгө салуу:

кандайдыр бир нерселерге (окуялар, буюмдар, кимдир бирөөлөр), фактыларга кыскача баа бере алуу; көз карашын билдире алуу.

1.1.2 Коммуникативдик ниет-максаттарды ишке
ашыруу кырдаалдары:

  • үйдө, короодо, көчөдө, коомдук унаада;
  • окууда, кызматта (мекеме, дирекция, деканат, кеңсе ж. б. у. с.)
  • китепканада;
  • коомдук тамактануу жайларында: ашкана, кафе, ресторан;
  • коомдук жана маданий жайларда (кинотеатрда, музейде, китепканада туристтик-саякат агенттиктеринде);
  • соода тармактарында: супермаркет, дүкөн, касса, базар;
  • байланыш түйүндөрүндө: почта, интернет;
  • банкта, акча алмаштыруучу жайда;
  • мейманканада, конок үйлөрүндө;
  • аэропортто, вокзалда (автобус, темир жол);
  • көчөдө, унаада;
  • эс алуу жайларында;
  • иш сапарында;
  • бейтапканада, дарыгерде, ооруканада, дарыканада;
  • телефон аркылуу байланышта;
  • коопсуздукту сактоо тармактарында (тез жардам, милиция, өрт өчүрүү).

1.1.3 Коммуникативдик ниет-максаттарды ишке
ашыруу темалары:

  • өзү (бала чагы, кызыккан нерселери), үй-бүлөсү;
  • окуусу/кызматы (окуган, иштеген жери, кесиби, аткарган кызматы);
  • жакын туугандары, достору/курбулары/кесиптештери, тааныштары;
  • иш күнү, иш пландары;
  • бош убактысы (кызыккан нерселери), эс алуусу;
  • жашаган жери, мекени;
  • саламаттыгы;
  • аба ырайы;
  • Кыргызстандын белгилүү адамдары (маданият, илим тармактары-нын ишмерлери);

1.1.4. Коммуникативдик ниет-максаттарды ишке
ашыруу чөйрөлөрү:

Жеке чөйрө

  • өзү, ата-энеси, үй-бүлөсү, бир туугандары, жакындары, достору, классташтары/курсташтары/кесиптештери жана тааныштары жөнүндө жөнөкөй сөздөр менен алардын жаш курагы, иштеген иши, жашаган жери, жактырган нерселери, мүнөзү, сапаттары жөнүндө чакан маалымат бере алуу. Кызыгуулары, бош убакытты көбүнчө кандай өткөрүүнү жактырары жана келечек пландары жөнүндө айта алуу; күнүмдүк-тиричилик жана маданий маселелерди талкуулоодо өз мамилесин, пикирин жөнөкөй сөздөр менен билдире алуу.

Кыргыз элинин негизги каада-салттарын, баалуулуктарын түшүнүү жана негизги этикеттик кайрылууларды колдоно билүү.

Коомдук-маданий жана социалдык чөйрөдө

  • расмий иш-чараларда (отурум, семинар, конференция, презентация ж.б.) майрамдарда (мамлекеттик, улуттук, үй-бүлөлүк майрам) жагдайга жараша жөнөкөй сөздөр менен куттуктоо сөздөрүн, каалоо-тилектерин айта алуу;
  • иш сапарында, эс алуу убагында кайсы жакка бара жатканын, ал жактын алыс же жакындыгын, кайсы унаа менен барууга болорун, иш сапары кандай өткөнүн же кандай эс алганын жөнөкөй сөздөр менен айта алуу же сурай билүү.

Окуу чөйрөсү

  • кайсы мектепте/окуу жайда, канчанчы класста/курста окуп жатканын, ал кайда жайгашканын, кайсы сабактар, кайсы кесиптер, спорттун кайсы түрү жагарын билдире алуу;
  • сабакта мугалим/окутуучу менен саламдаша жана коштошо билүү жана окууга байланыштуу түрдүү кырдаалдарда жөнөкөй сөздөр менен сүйлөшө алуу;
  • сабакка тиешелүү жөнөкөй тапшырмаларды, кулактандырууларды, талаптарды, өтүнүчтөрдү түшүнүү жана жооп бере алуу, ошондой эле зарыл учурда керектүү маалыматты кыскача сурай билүү;
  • сабакка байланышкан темаларда жөнөкөй сөздөр менен оюн билдире алуу жана башкалардан маалымат сурай алуу.

Кесиптик чөйрө

  • кайсы мекемеде/бөлүмдө, ким болуп иштеп жатканын, кызматтык милдеттерине эмнелер кирерин, эмне иш аткарарын жөнөкөй сөздөр менен билдире же сурай алуу;
  • мекемеде кандай бөлүмдөр бар экени жана алар кандай иш аткарары, кайсы мекемелер менен байланышта иштегени жөнүндө жөнөкөй сөздөр менен билдире же сурай алуу;
  • кесиптик милдетин аткаруудагы зарыл терминдерди, мекемеге/ бөлүмгө тиешелүү иш кагаздарынын кыргызча аталыштарын билүү жана жумалык, айлык, кварталдык, жылдык отчётторду жана башка жөнөкөй иш кагаздарын түзө билүү;
  • мекемеге/бөлүмгө келген адамды кабыл алып, кандай маселе менен келгенин сурай билүү;
  • расмий иш-чараларда (отурум, семинар, конференция, презентация ж. б.) кандай иш карала турганын жана каралганын жөнөкөй сөздөр менен билдире алуу;
  • телефон же интернет аркылуу кесиптик милдеттерине тиешелүү маалыматтарды жана тапшырылган иштин аткарылганын же аткарылбаган себебин кыскача билдире алуу.