АЧЫК ЭШИК КҮНДӨРҮ: МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА ЧАКАН ТЕСТТЕР

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси 2021-жылдын 22-23-сентябрь күндөрүндө Мамлекеттик тил күнүнө карата компьютердик жаңы тест программасы боюнча ачык эшик форматында чакан тесттерди уюштурат.

22-сентябрда флэшмоб түрүндөгү чакан тест Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин кызматкерлери үчүн жүргүзүлөт. Аталган тестке Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Королдугундагы, Катар жана Кувейт Мамлекеттериндеги элчиликтеринин дипломатиялык кызматкерлеринин катышуусу күтүлөт. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси тарабынан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата жарыяланган үч айлыктын алкагында уюштурулган чакан тестте катышуучулар өзүнүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктап, ишке киргизилген компьютердик жаңы программанын артыкчылыктарын баамдай алышат.

2021-жылдын 23-сентябрында Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган ачык эшиктер күнүндө бардык каалоочулар «Кыргызтест» системасы менен таанышып, А1 – С1 деңгээлдери боюнча мамлекеттик тилден чакан тест тапшыра алышат.

Кошумча маалымат: Сунушталган чакан тестте «ОКУУ», «Лексика.Грамматика» жана «УГУУ» субтесттери камтылат. Тест жыйынтыгы компьютерде дароо көрсөтүлөт. Тестти аткарууга 30 мүнөт берилет.

Иш-чара саат 10-00дон  17-00го чейин «Кыргызтест» мекемесинде (Т. Саманчин көч., 6а) жүргүзүлөт.

You may also like...