КЫРГЫЗ ТИЛИН САНАРИПТИК ОКУТУУ ПЛАТФОРМАСЫНЫН ТААНЫТЫМЫ Ж.БАЛАСАГЫН АТЫНДАГЫ КУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
2025-жылдын 19-мартында Ж.Баласагын атындагы КУУ Кыргыз филологиясы факультетинин профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасында “Кыргыз тилин окутуунун жаңы парадигмалары” деген аталыштагы метод-семинар өткөрүлдү. Семинарга КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Б.Б.Топоева-Ставинская катышып, Кыргыз тилди санариптик окутуу платформасынын таанытымын өткөрдү.
Семинарга филология, педагогика жана тил багытында билим алган студенттер, магистранттар жана окутуучулар катышып, кыргыз тилин санариптик окутуу платформасы менен таанышып, практика жүзүндө колдонуп, талкууларга активдүү катышышты.
Иш-чарада тил үйрөнүү процесстеринин азыркы учурдагы тенденциялары, кыргыз тилин окутуу методикасынын жаңылануусу жана анын билим берүү тармагындагы мааниси тууралуу баяндамалар жасалды.
Профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын окутуучулары жана магистранттары үчүн Б. Топоева-Ставинская тилди окутууда технологиялык инновациялар, мультимедиалык жана интерактивдүү ыкмаларды колдонуу маселелери боюнча көп жылдык тажрыйбасы менен бөлүштү. Ошондой эле, кыргыз тилин окутуу процессиндеги эң актуалдуу көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору боюнча пикир алмашуу, суроо-жооптор орун алды.









