КЫРГЫЗТЕСТ: БИШКЕК ЖАНА ОШ ШААРЛАРЫНДАГЫ ТЕСТТЕР

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Ош шаарында жүргүзүлүп жаткан мобилдик тестти мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышууну каалаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу 2022-жылдын 3-декабрына чейин узартты. Аталган тест Исанов көчөсү, 73 дарегинде жайгашкан Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин башкы корпусундагы Электрондук китепкананын 1-кабатында өткөрүлүүдө.

Бишкек шаарында тестке бекитилген графикке ылайык, 2022-жылдын 29-ноябрында Бишкек шаарынын мэриясына караштуу райондордун муниципалдык администрацияларынын жана «Бишкек троллейбус» ишканасынын кызматкерлери катышышты.

You may also like...