КЫРГЫЗТЕСТ: КӨЧМӨ ТОП НАРЫН ШААРЫНДА

2024-жылдын 9-сентябрынан баштап «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Нарын облусунда мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча мобилдик тест жүргүзүүнү баштады. 10-13-сентябрь күндөрү Нарын шаардык сотунун, Жумгал жана райондук мамлекеттик администрациясынын, Нарын шаардык прокуратурасынын, Нарын шаардык статистика башкармалыгынын, Нарын шаарынын мэриясынын,  Мамлекеттик салык кызматынын Нарын району боюнча башкармалыгынын, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын, Улуттук банктын Нарын областтык башкармалыгынын, Кочкор райондук маданият бүлүмүнүн жана Кочкор айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тестке катышып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныкташты.

Аталган күндөрү Нарын облусу боюнча жалпысынан 140 адам тест тапшырды.

Кошумча маалымат: Нарын облусу боюнча мобилдик тест Нарын шаары, Ленин көчөсү, 127 дарегинде жайгашкан С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык факультетинин ресурстук борборунда өтүп жатат.

Тесттен өтүү, деңгээлди жогорулатуу жана субтесттерди кайра тапшыруу боюнча толук маалыматты 0995 778111 жана 0500 227770 телефону аркылуу алууга болот.

You may also like...