1
|
Жөнөкөй сөздөр менен жазылган сүрөттүү плакат, кулактандыруу, кат, смс билдирүү, жарнамаларды окуп, түшүнө алам. Понимаю написанные простыми словами плакаты с рисунками, объявления, письма, смс-сообщения и рекламные объявления.
|
|
2
|
Коомдук жерлерде кыска, жөнөкөй cөздөр менен айтылган нускама жана маалыматтардын маанисин түшүнөм. Понимаю содержание простой информации и коротких инструкций, написанных в общественных местах.
|
|
3
|
Кызматыма же окуума тиешелүү негизги терминдерди, жөнөкөй сөздөр менен жазылган өтүнүч, сунуш, талап, кайрылуу жана кыска маалыматтарды түшүнөм. Понимаю написанные простыми словами просьбы, предложения, требования, обращения, короткую информацию и основные термины, связанные с моей учёбой или работой.
|
|
4
|
Жөнөкөй сөздөр менен жазылган кызматтык кат, арыз, кайрылуулардын негизги мазмунун түшүнөм. Понимаю основное содержание служебных писем, заявлений, обращений, написанных простыми словами.
|
|
5
|
Кызматыма же окуума керектүү маалыматты гезит, журнал, китеп жана интернеттен таба алам. Могу находить информацию из газет, журналов, книг и интернета, нужную мне по учёбе или работе.
|
|
6
|
Белгилүү бир нерсени пайдалануу үчүн так көрсөтмөлөрдү түшүнөм жана корутунду жасай алам. Понимаю точные указания по использованию определенного предмета и могу сделать заключение.
|
|
7
|
Түрдүү темадагы чакан макала, аңгемелердин негизги маанисин түшүнөм. Понимаю основное содержание небольших статей и рассказов на различные темы.
|
|
8
|
Кызматыма же окуума тиешелүү буклет, бланк, кыска расмий документтердин жана жеке мүнөздөгү каттардын мазмунун түшүнө алам. Понимаю содержание буклетов, бланков, кратких официальных документов и писем личного характера, связанных с моей учёбой или работой.
|
|
9
|
Күнүмдүк-тиричиликтик, социалдык-маданий, окуу жана кесиптик темалардагы чакан макалалардын маанисин түшүнөм. Понимаю содержание небольших статей на повседневные социально-культурные, учебные и профессиональные темы.
|
|
10
|
Белгилүү тапшырманы аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты массалык маалымат каражаттарынан таап, колдоно алам. Нахожу и использую сведения в средствах массовой информации для выполнения определённой задачи.
|
|
11
|
Белгилүү темага арналган маалыматты түшүнөм жана автордун макаладагы көз карашын аныктай алам. Понимаю информацию на заданную тему и определяю взгляд автора.
|
|
12
|
Текстте мааниси ачык көрсөтүлгөн кайчылаш ой-пикирлерди ажырата алам. Различаю противоположные мнения, открыто показанные в тексте.
|
|
13
|
Кыргызча сөздүктөрдө берилген термин, аныктамаларды толук түшүнөм жана колдоно алам. Полностью понимаю и использую термины, определения, данные в словарях кыргызского языка.
|
|
14
|
Көлөмдүү тексттердеги автордун көз карашын жана андагы фактыларды далилдөөчү негизги логикасын баамдай алам. Понимаю позицию автора в объёмных текстах и могу оценить основную логику доказательств имеющихся фактов.
|
|
15
|
Социалдык, кесиптик, илимий маселелерге тиешелүү көлөмдүү жана татаал тексттердин мазмунун жана көрсөтмөлөрдү түшүнөм. Понимаю содержание объёмных и сложных текстов на социальные, профессиональные, научные темы и показания к ним.
|
|
16
|
Кесибиме тиешелүү атайын макалаларды кыйынчылыксыз түшүнөм жана колдоно алам. Без затруднения понимаю и использую специальные статьи, относящиеся к моей профессии.
|
|
17
|
Массалык маалымат каражаттарынан маанилүү тексттерди таап, кабар, жаңылыктын өзөктүүлүгүн белгилей алам. Могу находить важные тексты в материалах средств массовой информации и выделять значимые сообщения, новости.
|
|
18
|
Диалектилик өзгөчөлүктөрү бар, структуралык жактан татаал, ар кандай көлөмдөгү адабий тексттерди түшүнөм. Понимаю художественные тексты разного объёма, сложной структуры с различными диалектными особенностями.
|
|
19
|
Илимий-техникалык, коомдук-саясий, руханий, маданий жана жалпы адамзаттык маселелерди чагылдырган тексттерди толук түшүнөм. Понимаю содержание текстов, отображающих научно-технические, общественно-политические, духовные, культурные и общечеловеческие задачи.
|
|
20
|
Илимий изилдөөлөр боюнча рецензия, аннотация, корутундулардын маанисин түшүнөм жана бүтүм чыгара алам. Понимаю содержание рецензий, аннотаций, заключений по научным исследованиям и самостоятельно делаю обобщение.
|
|