МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ТИЛ САЯСАТЫ БОЮНЧА УЛУТТУК КОМИССИЯДАГЫ КҮНДӨЛҮК ИШТЕР

Бүгүн, 2022-жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы К.О. Осмоналиев бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлерди кабыл алды. Ошондой эле күн тартибине ылайык, эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев менен жолугушту.

Аталган жолугушууда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, мамлекеттик тилди мындан ары да өнүктүрүү жолдору талкууланды.

Кошумча маалымат: Эл аралык Түрк маданияты уюмуна (ТҮРКСОЙ) кирген мамлекеттер: Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркия.

You may also like...