НАРЫН ШААРЫНДАГЫ МОБИЛДИК ТЕСТ

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу Нарын облусундагы административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча мобилдик тестти улантууда.

2023-жылдын 4-8-декабрь күндөрү Нарын облусу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин, Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор, Нарын райондорунун, Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын, Нарын шаарынын мэриясынын, Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Ат-Башы районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тестин тапшырышты.

Ал эми Кыргызтесттин Бишкек шаарындагы кеңсесинде №80 орто мектебинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент), Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин кызматкерлеринин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест өткөрүлдү.
 Аталган күндөрү Нарын облусу жана Бишкек шаары боюнча жалпы 511 адам тест тапшырды.

Нарын облусу боюнча Мобилдик тест Нарын шаары, Ленин көчөсү, 127 дарегинде жайгашкан Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык факультетинин ресурстук борборунда өтүп жатат.
 Тесттен өтүү, деңгээлди жогорулатуу жана субтесттерди кайра тапшыруу боюнча толук маалыматты +996 700 117 119 телефону аркылуу алууга болот.