(Берилген тема боюнча 20-25 сүйлөмдүн чегинде оозеки баяндап берүү керек)
- “Ыймандуу бийде тууган жок” деген накыл сөздүн турмуштук маанисин өзүңүздүн ишиңизге байланыштырып баяндаңыз.
- “Туулган жердин топурагы алтын” темасында өскөн жерди сагынуу тууралуу аңгеме куруңуз.
- Эки тизгин, бир чылбыр колго тийсе өлкөнү өнүктүрүү үчүн кандай ой-максаттарды ишке ашырар элеңиз?
- Сиз жашаган аймактын табиятына аяр мамиле жасоо боюнча оюңузду баяндаңыз.
- “Жабыла сүйлөп, жакканын кылалы” деген накыл сөздү өз ишиңизде колдоно баян куруңуз.
- “Тарыхы болбой, эл болбойт”-демекчи, сиз билген бир тарыхый окуяны баяндап бериңиз.
- Сиз үлгү туткан кыргызга таанымал мамлекеттик ишмер тууралуу баян куруңуз.
- “Эр жигиттин ичине ээр токумдуу ат батат” деген накыл сөздүн эл кызматындагы адамга тиешелүү жагын чечмелей баян куруңуз.
- “Аргымак аттын жакшысы, азыраак оттоп көп чуркайт, азамат эрдин жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңшайт” деген накыл сөз маанисин чечмелей, баян куруңуз.
- “Иш арасында иш, аш арасында аш” деген нуска сөздүн турмуштук маанисине аңгеме куруңуз.
- Журт атасы, эл уулу болуу наркы тууралуу баян куруңуз.
- Үй-бүлө куруу, бала тарбиялоодо улут алдындагы жоопкерчилик тууралуу аңгеме куруңуз.
- “Мал адамдын боор эти менен барабар”же кыргызда “мал-жан аманбы?”-деп, учурашуунун турмуштук маанисине токтоло аңгеме куруңуз.
- “Сөз атасы-…, суу атасы-…., жол атасы-…” деген макалды толуктап, турмуштук маанисин чечмелей аңгеме куруңуз.
- “Чөптү кордосоң, көзгө зыян” деген табият сырына байланган макалдын төркүнүн чечмелей, аңгеме куруңуз.
- “Кыргызстандын жакынкы келечеги жаңы маалымат технологиясында” дегенге сиздин көз карашыңызды баяндаңыз.
- “Элде болсун, эл ичинде менде болсун” деген накыл сөздүн турмуштук маанисине токтоло, баян куруңуз.
- “Элим тынч болсо, жаным тынч” деген сөздүн турмуштук маанисин чечмелеген аңгеме куруңуз.
- Күнөстүү Кыргызстандын өнүгүү жолу боюнча сиздин көз карашыңызды чагылдырган аңгеме куруңуз.
- “Эл ишеними, убада сөздүн бекемдиги” деген түшүнүктүн сиздин күнүмдүк турмушуңуздагы, ишиңиздеги орду тууралуу аңгеме куруңуз.
- “Калк айтса, калп айтпайт” деген накыл сөздүн күнүмдүк ишти уюштуруудагы мааниси тууралуу баян куруңуз.
- “Ырыс алды – ынтымак, ынтымагың жок болсо, алдыңдан таят алтын так” деген накыл сөздүн сиздин жамааттагы маанисине токтоло, баян куруңуз.
- “Тиш-ырыскы, тил- дөөлөт” деген накыл сөз маанисине байланыштуу баян куруңуз.
- “Булакты көрсөң, көзүн ач” деген накыл сөздү өз ишиңизге байланыштырып, аңгеме куруңуз.
- “Тарбиячы өзү тарбиялуу болууга тийиш” деген накыл сөздүн сиздин ишке байланыштуу орду тууралуу аңгеме куруңуз.
- “Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө” деген накыл сөздүн күчүн баалоого байланыштуу баян куруңуз.
- “Бутунан чалынган турат, оозунан чалынган турбайт” деген накыл сөздүн маанисин өз турмушуңуздагы мисалга таянып, аңгеме куруңуз.
- “Көрө-көрө – көсөм, сүйлөй-сүйлөй –чечен болосуң” деген накыл сөздүн маанисине байланыштуу баян куруңуз.
- “Жаман жигит жан сактайт, жакшы жигит эл сактайт” деген накыл сөздө камтылган ойду тереңдете баян куруңуз.