С1 ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛИНИН МАЗМУНУ

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛДЕ (С1) БИЛҮҮГӨ

КОЮЛГАН ТАЛАПТАР

Жогорку деңгээлде (С1) жарандар бардык кырдаалдарда жана чөйрөлөрдө б. а. күнүмдүк-тиричиликтик, социалдык-маданий, окуу жана расмий-иштиктүү чөйрөлөрдө мамлекеттик тилде жогорку деңгээлде коммуникативдик байланыш түзө билүүгө тийиш.

ЖОГОРКУ деңгээлдин лексикалык минимуму ушул деңгээлдин тематикалык жана интенциалдык минимумдарынын чегинде сүйлөшүүнү камсыз кылган 9000 активдүү сөз бирдигин жана негизги этикеттик сөздөрдү камтыйт.

ЖОГОРКУ деңгээлде төмөнкүдөй тилдик жана кептик көндүмдөр толук көлөмдө ишке ашырылат:

-лексика жана грамматикалык нормаларды жазууда жана сүйлөшүүдө колдоно билүү;
-түрдүү жанрдагы көлөмдүү текстти окуп, негизги жана көмүскөдө берилген (имплициттик) маалыматты түшүнө билүү;
-табигый ылдамдыкта айтылган оозеки кепти түшүнө билүү;
-кыргыз тилинин адабий ченемдерин сактоо менен өзүнүн оюн расмий жана расмий эмес стилде оозеки айта билүү.
Жогорку деңгээлде кырдаалга жана аткарган кызматына жараша оозеки же жазуу жүзүндө таасир этүүчү мүнөздөгү кайрылуулар менен жарандын эл алдында даярдыгы жок сүйлөй билүүсү ишке ашырылат.
Мамлекеттик тил боюнча «КЫРГЫЗТЕСТ» системасынын жогорку деңгээлинин (С1) cертификаты кызматтык ишти жогорку деңгээлде аткаруу үчүн баарлашуунун бардык чөйрөлөрүндө жарандын коммуникативдик компетенциянын жогорку деңгээлде экендигин тастыктайт.
Мамлекттик тилди ЖОГОРКУ деңгээлде (С1) жалпы өздөштүрүүгө жетишүү үчүн 380 саат талап кылынат. Ал эми кесиптик багытты өздөштүрүү үчүн 340 саат талап кылынат.