ЛЕКСИКА

Жогорку деңгээлдин лексикалык минимуму аталган стандарттын тематикалык жана интенциалык минимумунун алкагында баарлашууну камсыз кыла турган 6000ге жакын сөздү түзөт. Бул деңгээлдин негизги активдүү сөздүгү тиричилик, окуу жана социалдык-маданий чөйрөлөрдөгү сүйлөшүүнү камсыз кылат.

Мамлекеттик тилде жогорку (С1) деңгээлде билүүдөгү лексикалык минимумдун тематикалык планы

Тема Теманын мазмуну
Өзү жөнүндө

 

Үй-бүлөсү жөнүндө

Курбу-курдаштары жөнүндө

  • Фамилиясы, аты, атасынын аты;
  • Улуту (тизме);
  • Туулган жери/жашаган жери (өлкөсү, аймагы, шаары же айылы);
  • Кесиби (окуусу/жумушу/аткарган иши);
  • Келбети (өңү-түсү, өлчөмү, формасы);
  • Ички дүйнөсү (мүнөзү/адамдын акыбалы, сезимдери);
  • Жаш-курагы (эсептик сан).

 

Тема Теманын мазмуну
Турак-жайы. Үйү
  • Үйдүн түзүлүшү;
  • Бөлмөлөрү;
  • Эмереги;
  • Тиричилик техникасы;
  • Тиричилик буюмдары;
  • Идиш-аягы;
  • Багы/короосу.
Күнүмдүк турмушу
  • Күн тартиби;
  • Окуу (окуу жайларынын түрлөрү/класс, аудитория/ кеңсе буюмдары/окуу процесси);
  • Кесиптин (гуманитардык, табигый, так/техникалык) түрлөрү.
Убакыт-мезгилди билдирүү
  • Убакыт (саат);
  • Күндөр, айлар, жыл мезгилери, жылдар, кылымдар (иреттик сан).
Шаары. Айылы
  • Көчөсү;
  • Унаасы;
  • Шаарды/айылды/ билүү/багыт алуу;
  • Коомдук жайлар.
Өлкөсү. Мамлекети
  • География (дүйнө бөлүктөрү/административдик бөлүнүш/жаратылыш). Кыргызстандын флорасы жана фаунасы;
  • Кыргыз элинин тарыхы, каада-салттары;
  • Кыргыз элинин кол өнөрчүлүгү;
  • Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары;
  • Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы жана ыр-бий өнөрү.
Соода жана тамактануу жайлары
  • Дүкөндө, супермаркетте, базарда, күркөдө (азык-түлүк/кийим-кече/белектер)
  • Үйдө, ресторанда, кафеде, буфетте, ашканада
Кызыккан нерселери
  • Спорт, ырлар, бийлер, туризм ж. б. у. с.
  • Кол өнөрчүлүк (сүрөт тартуу, чаптоо, токуу, сайма саюу ж. б. у. с.)