МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ЖОГОРКУ (С1) деңгээлде билүүгө коюлган талаптар

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ЖОГОРКУ (С1)
ДЕҢГЭЭЛДЕ БИЛҮҮГӨ КОЮЛГАН ТАЛАПТАР
1.КОММУНИКАТИВДИК КОМПЕТЕНЦИЯНЫН МАЗМУНУ
1.1 СҮЙЛӨШҮҮНҮН МИЛДЕТТЕРИ, МАКСАТТАРЫ.
МАЕКТЕШҮҮ КЫРДААЛДАРЫ ЖАНА ТЕМАЛАРЫ
1.1.1 КОММУНИКАТИВДИК НИЕТ-МАКСАТТАРДЫ
(ИНТЕНЦИЯЛАРДЫ) ИШКЕ АШЫРУУ

ЖОГОРКУ деңгээлдин алкагында коммуникативдик ниет-максаттарды вербалдык түрдө ишке ашырууда жарандар маекке катышуучулардын бири-бирине болгон мамилелерин жөнгө салган, баа берүү көз карашын билдирген татаал интенцияларды кыргыз тилинин адабий тилдик нормаларына жана кептик этикетке ылайык расмий жана расмий эмес формада оозеки жана жазуу түрүндө аткарып, төмөндөгү ишмердүүлүккө жетишүүсү керек:

  • расмий/расмий эмес, тике/ кыйыр маектешүү кырдаалдарында кеп жүргүзүүнүн өнүккөн тактикасын көрсөтө алуу;
  • кеп жүргүзүү тактикасын маектешүүнүн ниет-максатына, милдетине, убагына, өтүп жаткан ордуна, маектешүүчүнүн иш чөйрөсүнө ылайык айкалыштыра алуу.
1.1.2 Коммуникативдик ниет-максаттарды
ишке ашыруу

Жогорку (С1) деңгээлде зарыл болгон учурда сүйлөшүү ниеттери оозеки жана жазуу түрүндө комплекстүү ишке ашырылуусу керек:

Байланыш түзүү:

  • кырдаалга жараша расмий же расмий эмес формада кеп маданиятына ылайык оозеки жана жазуу түрүндө кеп жүргүзүү, сүйлөшүүгө (коммуникацияга) аралаша алуу, маектешүүгө демилгечи болуу, маектешин кубаттоо, маектин багытын буруу же сөзүн ыктуу (адекваттуу) бөлүү жана сүйлөшүүнү бүтүрүү, маектешүүчүнүн оюн улап, өнүктүрүп кетүү, кепти түшүнүп жаткандыгын билдирүү, колдоо жана ага дем берүү, айтылгандарга оӊ же терс пикирин этикет алкагында билдире алуу, кеп маданиятынын татаалдатылган формаларын – мактоо (комплимент), кичи пейилдик көрсөтүү, көңүл айтуу, ортоктош болуу ж. б. колдонуп психологиялык жагымдуу жагдай түзүү. Аны менен бирге баарлашуу максатын ишке ашыруу үчүн кеп жүргүзүүнүн ар кандай ыкмаларын колдонуу.

Жөнгө салуу:

  • кыймыл-аракетти аткарууга түрткү берүү (өтүнүч, кеңеш, сунуш, ниет, арыз, талап, буйрук, көрсөтмө, эскертүү, эсине салуу, сын пикир, кооптонуу, катасын көрсөтүү, коркутуу ж. б.), ошондой эле таасирленүүсүн (макулдугун же макул эместигин, каршылык көрсөтүүсүн, каалоосу/каалабагандыгын, баш ийүү/ийбөөсүн) билдирүү.
  • уруксат берүү, тыюу салуу, четке кагуу, күмөн саноосун, баш тартуусун билдирүү; сөз берүү, ынандыруу, кепилдик берүү, өз катасын моюнуна алуу, үмүттөндүрүү жана башка кеп жүргүзүүнүн таасир этүүчү ар кандай тактикаларын колдонуу.

Маалымат берүү:

  • маектешүү кырдаалынын алкагында окуя жана факт боюнча керектүү маалыматты (шарты, максаты, себеби, мүмкүнчүлүгү, ыктымалдыгы) жана фактынын, окуянын, көрүнүштүн зарылчылыгы жөнүндө билдирүү же сурай билүү; буюмдун, белгилүү тараптын, окуянын же көрүнүштүн сандык, сапаттык мүнөздөмөсүн маалымдоо; ошондой эле зарыл болгон учурда – толуктоо, тактоо, кайра суроо, териштирүү, түшүндүрүү, сүрөттөө.

Интеллектуалдык мамиле, көз карашын чагылдыруу:

  • каалоосун ниетин, керектөөсүн, артыкчылык көрсөтүүсүн, ой-пикирин, божомолдоосун, кабардар экендигин билдирүү.

Баа берүү:

  • моралдык-этикалык, адеп-ахлактык баа бере алуу жана тактоолорду киргизе билүү: мактоо, колдоо көрсөтүү, жемелөө, шектенүү, сынга алуу, уяткаруу, күнөөлөө.
  • социалдык-укуктук баа бере алуу жана тактоолорду киргизе билүү: актоо, коргоо, күнөөлөө;
  • кыймыл-аракетке, окуяга, фактыга туура баа бере алуу жана тактоолорду киргизе билүү (стандарт жана норма менен салыштыруу, максатка ылайыктуулугу, натыйжалуулугу (эффективдүүлүгү), мүм-
    күн же мүмкүн эместиги, чындыгы, ыктымалдыгы/ аз ыктымалдуулугу ж. б.);
  • эмоционалдык баа бере алуу жана тактоолорду киргизе билүү: артык көрүү, ыраазы же нааразы, канааттануу же канааттанбоо, таң калуу, кызыгуу, кайдыгерлик, көңүл коштук кылуу, суктануу, көңүлү калуу, кыжырдануу, жактыруу же жактырбоо, кубануу же кайгыруу, коркуу, тынчсыздануу, кооптонуу, үмүттөнүү.

Көрсөтүлгөн коммуникативдик ниет-максаттарды маектешүүчү-
нүн тактикасынын өзгөрүшүнө жараша колдоно билүү.

1.1.2 Коммуникативдик ниет-максаттарды ишке
ашыруу чөйрөлөрү:

С1 деңгээлинде жарандар өзүнүн ниет-максаттарына ылайык деңгээлде төмөндөгү чөйрөлөрдө социалдык жана психологиялык маанилүү кырдаалдарда, коммуникативдик милдеттерин ишке ашыра билүүсү керек.

Социалдык-маданий жана күнүмдүк-тиричиликтик чөйрө

  • кесиптик ишкердүүлүгүнөн тышкары жеке тиричилик керектөөлөрүн ишке ашырууда жана расмий, расмий эмес маектешүүдө коомдук кызыкчылыктар чөйрөсүндөгү керектөө-муктаждыктарын канааттандырууда кырдаалга жараша расмий же расмий эмес формада кеп маданиятына ылайык баарлашуу.
  • көркөм адабият жана искусство чыгармаларын кабыл алууда жана талкуулоодо эстетикалык, таанып билүүчү керектөөлөрүн ка-
    нааттандырууда (моралдык-этикалык, адеп-ахлактык, социалдык-саясый ж.б.у.с.); улуттук каада-салттарды, диний ырым-жырымдарды чечмелөөдө же колдонууда кырдаалга жараша расмий же расмий эмес формада кеп маданиятына ылайык кеп жүргүзүү.

Расмий-иштиктүү (кесиптик) чөйрө

Расмий-иштиктүү (кесиптик) чөйрөдө административдик, мамлекеттик, социалдык мекемелер жана уюмдардын өкүлдөрү менен алака түзүп, социалдык керектөөлөрүн канааттандырууда коммуникативдик ниет-максаттарды кыргыз адабий тилинин нормаларына жана кептик этикетке ылайык оозеки жана жазуу түрүндө аткара билүү жана кырдаалга жараша расмий же расмий эмес формада кеп маданиятына ылайык кеп жүргүзө алуу, тактап айтканда:

  • кесиптик милдетине тиешелүү иш кагаздардын бардык түрлө-
    рүн түзө билүү;
  • расмий, расмий эмес формада оозеки жана жазуу түрүндө жагдайга жана жарандын социалдык статусуна жана аткарган кызматына жараша таасир этүүчү кайрылууларды, көрсөтмөлөрдү жана тапшыр-
    маларды бере алуу жана зарыл маалыматты аныктай, тактай билүү;
  • жагдайга, жарандын социалдык статусуна жана аткарган кызматына ылайык деңгээлде маалыматтын көйгөйлүү экенин жеткире билдире алуу;
  • жарандардын каттарын, кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын кабыл алып, оозеки жана жазуу жүзүндө социалдык статусуна жана аткарган кызматына ылайык сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алуу;

С1 деңгээлине ылайык оозеки жана жазуу түрүндө расмий же расмий эмес формада сүйлөшүүлөр, байланыш түзүү жана талкуулоо төмөндөгү актуалдуу тематиканын алкагында жүргүзүлөт:

  1. Инсан аралык мамилелер чөйрөсүндө, ошондой эле жеке муктаждыктарды ишке ашырууда:
  • «Адам жана анын жеке турмушу: сүйүү, үй-бүлө, достук»
  • «Жумушу жана кесиби»
  • «Билим берүү жана тарбия»
  • «Бош убакыт: маданият, искусство, спорт, эс алуунун ар кандай түрлөрү»
  1. Социалдык керектөөлөргө байланыштуу темаларда:
  • «Адам жана коом»
  • «Адам жана мыйзам»
  • «Адам жана саясат»
  • «Адам жана экономика»
  • «Адам жана илим»
  1. Гуманизмге тиешелүү жалпы маселелерге байланыштуу темаларда:
  • «Адам жана искусство»
  • «Адам жана жаратылыш»
  • «Жер – жалпыбыздын үйүбүз»
  • «Адамдын руханий өнүгүүсү»
  • «Адам жана космостук мейкиндикти багындыруу»
1.2. КОММУНИКАТИВДИК КОМПЕТЕНЦИЯГА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР
1.2.1. УГУУ

Тил үйрөнүүчү жаран төмөндөгү жөндөмдөргө ээ болушу керек:

  • сүйлөп жаткан адамдын коммуникативдик максатын, сүйлөгөн сөзүнүн толук мазмунун, ошондой эле ачык-айкын деӊгээлдеги кебинин эмоциялык-экспрессивдик жана социалдык өзгөчөлүгүн түшүнүү;
  • негизги өзөктүү маалыматты (жалпы, деталдуу жана сын көз караш менен түшүнүү деӊгээлинде) кабыл алуу;
  • маекке катышуучулардын коммуникативдик ниет-максатын, анын ичинде көп жактуу маектин (полилогдун) андан аркы мазмунунда мааниге ээ болгон сүйлөп жаткандардын көмүскөдө билдирилген ниетин кабыл ала билүү;
  • түшүндүрүүлөрү көмүскөдө берилген тексттерди, маектерди жана фильмдерди түшүнүп, алардын мазмуну боюнча талкууга катыша билүү;
  • ачык-айкын же көмүскөдө берилген социалдык-маданий мүнөздөгү маалыматты жалпы, деталдуу жана сын көз караш менен түшүнүү деӊгээлинде кабыл ала билүү;
  • сүйлөп жаткан тараптын ниетин чагылдырган функционалдык жактан маанилүү маалыматты жана негизги теманы түшүнүү;
  • текстте берилген теманын өнүгүшүнүн өзгөчөлүгүн аныктаган тексттин фрагменттеринин семантикасын жана маанилүү бирдиктерин түшүнүү;
  • сүйлөп жаткан адамдын негизги социалдык жүрүм-турумдук мүнөздөмөсүн түшүнүү;
  • сүйлөп жаткан адамдын негизги ниет-максатын жана сүйлөө себебин, ошондой эле аудиотекстте кеңири сөз болуп жаткан нерсеге жана угуп жаткан тарапка (реципиентке) болгон көз карашын түшүнүү.