«СҮЙЛӨӨ» СУБТЕСТИ БОЮНЧА БЕРИЛҮҮЧҮ ТЕМАЛАР (А1 ДЕҢГЭЭЛИ)

«СҮЙЛӨӨ» СУБТЕСТИ БОЮНЧА БЕРИЛҮҮЧҮ ТЕМАЛАР (А1 ДЕҢГЭЭЛИ)

Cизге 10 суроо сунушталат.
Алгач үн чыгарып микрофонго суроону окуңуз. Андан кийин ошол суроого так жооп бериңиз.
Вам предлагается 10 вопросов.
Сначала внятно прочитайте в микрофон вопрос, а затем дайте чёткий ответ.

  1. Сиз кайда иштейсиз?
  2. Сиздин үйүңүздүн дареги кандай?
  3. Жумушка эмне менен барасыз?
  4. Сиз жашаган шаарда (райондо, айылда) кандай көчөлөр бар?
  5. Китеп окуганды жакшы көрөсүзбү?
  6. Кыргызстандын кайсы шаарларына бардыңыз?
  7. Кыргыз улуттук тамактары кайсылар?
  8. Жаз мезгили кандай?
  9. Бир айда канча күн бар?
  10. Досуңуз «Майрамыңыз менен!» десе, кантип жооп бересиз?
  11. Сиз жашаган көчө кандай аталат?
  12. Сиз иштеген мекеменин дареги кандай?
  13. Силердин бөлүмүңөрдө канча адам иштейт?
  14. Бир жылда канча мезгил бар?
  15. Кыргызстанда кандай шаарлар бар?
  16. Курбуңуз же досуңуз канча жашта?
  17. Курбуңуздун же досуңуздун мүнөзү кандай?
  18. Сизге кайсы спорт оюндары жагат?
  19. Телефон номериңизди айта аласызбы?
  20. Улуулар менен кантип коштошосуз?
  21. Сиз кайсы жерде төрөлгөнсүз?
  22. Сиздин досуңуз же курбуңуз барбы?
  23. Сиз кайсы мектепти аяктадыңыз?
  24. Апта күндөрүн ирети менен айтыңыз.
  25. Сизге жылдын кайсы мезгили жагат?
  26. Бишкекте кайсы райондор бар?
  27. Сиздин жакын кесиптешиңиз канча жашта?
  28. Шахмат ойногонду билесизби?
  29. Азыр саат канча болду?
  30. Досуңуз «жакшы кал» десе, кантип жооп бересиз?
  31. Бүгүн аба-ырайы кандай?
  32. Азыр канчанчы жыл?
  33. Сиз кайсы бөлүмдө иштейсиз?
  34. Курбуңуздун же досуңуздун аты ким?
  35. Кесиптешиңиз кайда жашайт?
  36. Досуңуз «жакшы бар» десе, кантип жооп бересиз?
  37. Улуулар менен кантип саламдашасыз?
  38. Сиз жашаган жакта кандай көчөлөр бар?
  39. Сиздин туулган күнүңүз качан?
  40. Бүгүн кайсы күн?
  41. Курбуңуз же досуңуз менен кантип учурашасыз?
  42. Курбуңуздун же досуңуздун кесиби кандай?
  43. Сизге кандай музыка жагат?
  44. Сиз кайсы жылы туулгансыз?
  45. Бир саатта канча мүнөт бар?
  46. Иш кагаздарынын кайсы түрлөрүн билесиз?
  47. Сиз кайсы жазуучуларды билесиз?
  48. Туулган күн менен кантип куттуктайбыз?
  49. Сиз кайсы мекемеде иштейсиз?
  50. Кесиптештериңиз менен кантип саламдашасыз?
  51. Сиздин бөлүмүңүздө канча кызматкер иштейт?
  52. Курбуңуздун же досуңуздун мүнөзү сизге жагабы?
  53. Курбуңуз же досуңуз кайсы мекемеде иштейт?
  54. Азыр кайсы мезгил?
  55. Силердин бөлмөңөр чоңбу?
  56. Бир жылда канча күн бар?
  57. Иш күндөрүн ирети менен айтыңыз.
  58. Бош убактыңызда эмне кыласыз?
  59. Бишкекте канча район бар?
  60. Жетекчиңиздин аты-жөнү ким?
  61. Жаңы жыл менен кантип куттуктайбыз?
  62. Жай мезгили кандай?
  63. Эс алууга кайсы жерге барасыз?
  64. Курбуңуздун же досуңуздун туулган күнү качан?
  65. Курбуңуз же досуңуз менен кантип коштошосуз?
  66. Азыр саат 17:00 болдубу?
  67. Бир жылда канча ай бар?
  68. Сиздин досуңуз же курбуңуз кайда иштейт?
  69. Күз мезгили кандай?
  70. Машина айдаганды билесизби?
  71. Сиз кайсы өлкөлөргө баргансыз?