«СҮЙЛӨӨ» СУБТЕСТИ БОЮНЧА БЕРИЛҮҮЧҮ ТЕМАЛАР (А2 ДЕҢГЭЭЛИ)

Cизге 10 суроо сунушталат.
Алгач үн чыгарып микрофонго суроону окуңуз. Андан кийин ошол суроого так жооп бериңиз.
Вам предлагается 10 вопросов.
Сначала внятно прочитайте в микрофон вопрос, а затем дайте чёткий ответ.

  1. Сиз кайсы жерде жашайсыз?
  2. Сиздин үйүңүздүн жанында кайсы мекемелер бар?
  3. Сиз иштеген бөлүм кайсы кабатта жайгашкан?
  4. Биз кантип ыраазычылык билдиребиз?
  5. Жазында кандай майрамдар бар?
  6. Досуңузду туулган күнү менен кантип куттуктайсыз?
  7. Сиз кайсы жылы туулгансыз?
  8. Апта күндөрүн ирети менен айтыңыз.
  9. «Кутман таң» деп качан айтабыз?
  10. Силердин иш бөлмөңөрдө кандай эмеректер бар?
  11. Сиз иштеген мекемеңиз кандай аталат?
  12. Сиздин милдеттериңизге эмнелер кирет?
  13. Бөлүмүңөрдө канча адис бар?
  14. Министрликтердин кыргызча аталыштарын билесизби? Эки министрликтин кыргызча аталышын айтыңыз.
  15. Эмгек өргүүгө качан чыгасыз?
  16. Бош убактыңызды кандай өткөрөсүз?
  17. Кесиптешиңизди Жаңы жыл менен кантип куттуктайсыз?
  18. Азыр саат канча болду?
  19. «Кутман түн» деп качан айтабыз?
  20. Азыр канчанчы жыл?
  21. Бүгүн кайсы күн?
  22. Сиз адамдар менен кантип саламдашасыз?
  23. Кызматтык телефон номуруңуз кандай?
  24. Кесиптешиңиз «Жакшы калыңыз» десе, сиз кантип жооп бересиз?
  25. Курдашыңызды мейманга кантип чакырасыз?
  26. Курбуңуздун же досуңуздун кесиби кандай?
  27. Кесибиңиз сизге жагабы?
  28. Бош убактыңызда эмне кыласыз?
  29. Сиз кайсы мекемеде иштейсиз?
  30. Кызматта сиз кандай иштерди аткарасыз?
  31. Кесиптешиңиз менен кантип коштошосуз?
  32. Улуулар менен кантип саламдашасыз?
  33. Кайсы чет тилдерди билесиз?
  34. Курбуңуз же досуңуз кайсы жерде иштейт?
  35. Сулайман тоосу кайсы жерде?
  36. Бир саатта канча мүнөт бар?
  37. Жыл мезгилдерин ирети менен кыргызча айтыңыз.
  38. Иш күнүңүз саат канчада башталат?
  39. Сиздин кесибиңиз экономистпи?
  40. Жетекчиңиздин аты-жөнү ким?
  41. Сиз Бишкекте төрөлгөнсүзбү?
  42. Кыргызстандын кайсы жерлеринде болгонсуз?
  43. Курбуңуз же досуңуз менен кантип коштошосуз?
  44. Каракол шаары кайсы областта жайгашкан?
  45. Кыш мезгили сизге жагабы?
  46. Сиз иштеген мекеменин имаратынын сырткы көрүнүшү кандай?
  47. Бир айда канча күн бар?
  48. Сиз канча саат иштейсиз?
  49. Сиздин туулган күнүңүз качан?
  50. Курдашыңыз же досуңуз «жакшы бар» десе, кантип жооп бересиз?
  51. «Кутман күн» деп качан айтабыз?
  52. Үй дарегиңизди кыргызча айтыңыз.
  53. Иш сапарына качан бардыңыз?
  54. Сиз эртең менен дене тарбия көнүгүүлөрүн жасайсызбы?
  55. Сиздин кесибиңиз кандай?
  56. Сиз кайсы аймакта жашайсыз?
  57. Бүгүн аба-ырайы кандай?
  58. Бир жылда канча ай бар?
  59. Күз мезгили сизге жагабы?
  60. Сиз канча жаштасыз?
  61. Сиз кайсы окуу жайды бүтүрдүңүз?
  62. Курбуңуз же досуңуз менен кантип учурашасыз?
  63. Курбуңуз же досуңуз ким болуп иштейт?
  64. Кыргыз улуттук тамактары кайсылар?
  65. Жаз мезгили сизге жагабы?
  66. Чолпон-Ата шаары кайсы областта жайгашкан?