“СҮЙЛӨӨ” субтестинин деңгээлдер боюнча темалары:

“СҮЙЛӨӨ” субтестинин деңгээлдер боюнча темалары:
1-тапшырма: аудиосуроолорго жооп берүү
1. Үй-бүлөңүздө канча адам бар?
2. Сиздин бөлмөңүз чоңбу?
3. Сиз үйгө саат канчада барасыз?
4. Сиз кайсы көчөдө жашайсыз?
5. Сизге кандай музыка жагат?
6. Сиз кайсы мезгилди жакшы көрөсүз?
7. Жумушуңуз саат канчада бүтөт?
8. Бул бөлүмдө канча адам иштейт?
9. Сиз эртең киного барасызбы
10. Сиз Ала-Арча паркына барасызбы?
11. Сиз такси чакырдыңызбы?
12. Досуңуз жакшы ырдайбы?
13. Кайрат кайда иштейт?
14. Айбектин компьютери барбы?
15. Бул кимдин китеби?
16. Бүгүн жыйырма алтынчы июнбу?
17. Айжандын үйү алыспы?
18. Акбар ишке саат канчага барат?
19. Концерт саат канчада башталат?
20. Бир жылда канча ай бар?
21. Бир саатта канча мүнөт бар?
22. Кайсы мезгилде күн ысык болот?
23. Бишкек чоң шаарбы?
24. Бишкекте кинотеатрлар барбы?
25. Кыргызстанда канча облус бар?

А1 деңгээлинин талаптары боюнча ушул сыяктуу суроолуу сүйлөмдөр берилет.

2-тапшырма: жай сүйлөмдөрдү суроолуу сүйлөмдөргө айландыруу
1. Мен бир миң тогуз жүз токсон сегизинчи жылы туулгам.
2. Менин чоң апам 80 жашта.
3. Мага классикалык музыка жагат.
4. Мен бош убактымда китеп окуйм.
5. Мен машина айдаганды билем
6. Байкем салык кызматында иштейт.
7. Досумдун аты Тилек.
8. Мага досумдун мүнөзү жагат.
9. Март айында досумдун туулган күнү болот.
10. Курбумдун кесиби программист.
11. Биз эс алууга Соң-Көлгө барабыз.
12. Биздин бөлүмдө он кызматкер иштейт.
13. Жыйналыш саат ондо болот.
14. Кесиптешим Орто-Сай айылында жашайт.
15. Бул жигиттин аты Акыл.
16. Ал кадрлар бөлүмүндө иштейт.
17. Нурлан Токмок шаарында иштейт.
18. Аман саат алтыда турат.
19. Азыр эки миң жыйырма экинчи жыл.
20. Бир жылда он эки ай бар.
21. Бүгүн бейшемби.
22. Азыр саат он болду.
23. Бир саатта алтымыш мүнөт бар.
24. Бүгүн аба ырайы жылуу.
25. Жаз мезгили абдан кооз.
26. Бишкекте төрт район бар.
27. Кыргызстандын эли абдан ынтымактуу
28. Кыргызстандын жаштары маданияттуу
29. Бишкек – кооз шаар.
30. Кыргызстанда жети облус бар.

А1 деңгээлинин талаптары боюнча ушул сыяктуу сүйлөмдөр берилет.
1-тапшырма: аудиосуроолорго жооп берүү
1. Сиз кайсы жылы туулгансыз?
2. Сиз Бишкекте төрөлгөнсүзбү?
3. Сиз кайсы жерде жашайсыз?
4. Сиз кайсы окуу жайды бүтүрдүңүз?
5. Сиздин кесибиңиз мугалимби?
6. Кесибиңиз сизге жагабы?
7. Кайсы чет тилдерди билесиз?
8. Сиз кайсы мекемеде иштейсиз?
9. Жетекчиңиздин аты-жөнү ким?
10. Иш күнүңүз саат канчада башталат?
11. Сиз канча саат иштейсиз?
12. Сиз иштеген бөлүм кайсы кабатта жайгашкан?
13. Бөлүмүңүздөрдө канча адис бар?
14. Сиздердин иш бөлмөңүздөрдө кандай эмеректер бар?
15. Эмгек өргүүгө качан чыгасыз?
16. Бош убактыңызды кандай өткөрөсүз?
17. Сиз бүгүн машыгууга барасызбы?
18. Кыш мезгили сизге жагабы?
19. Кыргызстандын кайсы жерлеринде болгонсуз?
20. Кечиресиз, аэропортко кайсы автобус барат?
21. Кечиресиз, бул кайсы көчө?
22. Жазында кандай майрамдар бар?
23. Азыр канчанчы жыл?
24. Бүгүн кайсы күн?
25. Азыр саат канча болду?

А2 деңгээлинин талаптары боюнча ушул сыяктуу суроолуу сүйлөмдөр берилет.
2-тапшырманын темалары (Берилген тема боюнча 1,5 – 3 мүнөттүн ичинде оозеки баяндап берүү керек)
1. Туулган жерим
2. Мен жашаган шаар (айыл)
3. Биздин көчө
4. Менин классташым
5. Менин досум
6. Досумдун үй-бүлөсү
7. Мага жаккан кесиптер
8. Менин жумушум
9. Менин пландарым
10. Менин эс алуум
11. Менин мектебим
12. Мен иштеген мекеме
13. Белгилүү жазуучулар
14. Жаз мезгили
15. Жай мезгили
16. Жазгы майрамдар
17. Нооруз майрамы
18. 9-май – Жеңиш майрамы
19. Күз мезгили
20. Кыш мезгили
21. Жаңы жыл майрамы
22. Ысык-Көл
23. Бишкек шаары
24. Кыргызстандын суулары
25. Кыргызстандын жаратылышы

А2 деңгээлинин талаптары боюнча ушул сыяктуу темалар берилет.
1-тапшырмада берилген аудиомаалыматты угуп, түшүнгөнүн айтып берүү талап кылынат

2-тапшырманын темалары
(Берилген тема боюнча 1,5 – 3 мүнөттүн ичинде оозеки баяндап берүү керек)

1. Менин балалыгым
2. Менин пландарым
3. Мага жаккан сапаттар
4. Үй-бүлөдөгү милдеттерим
5. Мага жаккан кесиптер
6. Мага жаккан чыгармалар
7. Биздин мекеме
8. Эмгек өргүүм
9. Сүйүктүү борбор шаарым
10. Иш сапарда
11. Чет тилдерди билүүнүн пайдасы
12. Жумушка орношуу
13. Билимдүү адамдар
14. Маданий мекемелер
15. Шаар көйгөйлөрү
16. Тазалыкты сактоо
17. Айылдагы жашоо-тиричилик
18. Ата-энелердин тилеги
19. Бактылуу ата-энелер
20. Үлгүлүү инсандар
21. Бакыт деген эмне?
22. Достук деген эмне?
23. Патриоттук сезим
24. Ден соолук – зор байлык
25. Убакытты үнөмдүү пайдалануу
26. Кесипкөй болуу
27. Сылык болуу
28. Кыргызстандын калкы
29. Кыргызстандын экологиясы
30. Кыргызстандын туризми

В1 деңгээлинин талаптары боюнча ушул сыяктуу темалар берилет.
1-тапшырмада берилген аудиомаалыматты угуп, түшүнгөнүн айтып берүү талап кылынат

2-тапшырманын темалары
(Берилген тема боюнча 1,5 – 3 мүнөттүн ичинде оозеки баяндап берүү керек)

1. Адилеттүүлүк
2. Кесипкөйлүк
3. Сабаттуулук
4. Адамгерчилик
5. Кайраттуулук
6. Сабырдуулук
7. Чечендик
8. Айкөлдүк
9. Боорукерлик
10. Адептүүлүк
11. Акылмандык
12. Чыгармачылык
13. Чеберчилик
14. Мекенчилдик
15. Эгемендик
16. Мээнеткечтик
17. Бактылуулук
18. Калыстык
19. Камкордук
20. Чынчылдык
21. Зарылчылык
22. Жөнөкөйлүк
23. Жоомарттык
24. Боордоштук
25. Мыйзамдуулук
26. Эмгекчилдик
27. Жоопкерчилик
28. Тартиптүүлүк
29. Жөндөмдүүлүк
30. Намыскөйлүк

В2 деңгээлинин талаптары боюнча ушул сыяктуу темалар берилет.
1-тапшырмада берилген аудиомаалыматты угуп, түшүнгөнүн айтып берүү талап кылынат

2-тапшырманын темалары (Берилген тема боюнча 1,5 – 3 мүнөттүн ичинде оозеки баяндап берүү керек)
1. Жоомарттык
2. Улутмандык
3. Саяпкерчилик
4. Устатчылык
5. Атуулдук ариет
6. Гумандуулук
7. Наадандык
8. Даанышмандык
9. Кыянаттык
10. Азаттык
11. Кайдыгерлик
12. Акыйкаттуулук
13. Сарамжалдуулук
14. Жаратмандык
15. Өзүмчүлдүк
16. Узчулук
17. Көрөгөчтүк
18. Башаламандык
19. Кечиримдүүлүк
20. Ак ниеттүүлүк
21. Чапчаңдык
22. Айкөлдүк
23. Жөнөкөйлүк
24. Чечендик
25. Сабырдуулук
26. Алабармандык
27. Карасанатайлык
28. Көпкөнчүлүк
29. Кусалык
30. Кыраакылык

С1 деңгээлинин талаптары боюнча ушул сыяктуу темалар берилет.