Тест тапшыруучулардын чөйрөсү кеңейүүдө

2019-жылдын сентябрынан баштап «Кыргызтест» Мамлекеттик мекемеси “Кыргыз Республикасынын айрым  мыйзам  актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Шаардын статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына) аттуу 2019-жылдын 8-августундагы №118 мыйзамынын 42,48 беренелерине ылайык шаар мэрлигине жана айыл өкмөттөрүнүн башчысына талапкерлердин арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзүп келет.


«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу 2021-жылдын 27-майынан баштап Кыргыз Республикасынын аймактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест жүргүзөт.

Тест жүргүзүү төмөнкү даректерде уюштурулат.

·     
Ош жана Баткен облустарындагы талапкерлер үчүн – Ош шаарында, тел.: 0700704970
Ош шаары.

Тест 26- майдан 16- июнга чейин
Дареги:

Иштөө убактысы:
1) 1 – нөөмөт 8:30
2) 2 – нөөмөт 12:30
3) 3 – нөөмөт 15:00

·      
Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы талапкерлер үчүн – Балыкчы шаарында, тел.: 0701551209
Балыкчы шаары.

Тест 26-майдан 16-июнга чейин Бөкөнбаев атындагы 2-орто мектепте 3 нөөмөттө жүргүзүлөт.
Дареги: Абдрахманов көчөсү, 266
1-нөөмөт 9:00-12:00
2-нөөмөт 13:00-16:00
3-нөөмөт 16:00-19:00

·     
Жалал-Абад облусундагы талапкерлер үчүн – Жалал-Абад шаарында, тел.: 0700705770
Жалал-Абад шаары:

Тест 26-майдан 16 – июнга чейин Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин китепканасында
3 нөөмөттө жүргүзүлөт.
1) 1- нөөмөт 8: 30
2) 2- нөөмөт 12:30
3) 3- нөөмөт 15:00

 

·     Бишкек шаарындагы, Чүй жана Талас облустарындагы талапкерлер үчүн – Бишкек шаарындагы Саманчин көчөсү, 6а  дарегинде.