Тестти онлайн тапшыруу

2020-жылдын 24-сентябрында  «Кыргызтест» Мамлекеттик мекемеси жарандардын тилди билүү деңгээлин аныктоо тестин онлайн тартибинде жүргүзүп, натыйжада мындан ары Кыргыз Республикасынын аймагында гана эмес, ошондой эле чет өлкөлөрдө да онлайн тартибинде тест жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Тестти онлайн тартибинде жүргүзүү үчүн коюлган шарттар:

  • маалыматтарды берүү ылдамдыгы 10-100 Мбит/сек. диапозонундагы үзгүлтүксүз Internet каналынын болуусу;
  • мекеменин администрациясы тарабынан видеобайкоо жүргүзүү үчүн Zoom программасынын болуусу;
  • жабдуулар боюнча: персоналдык компьютер (Windows 10 операциялык системасы), микрофон менен үн кулакчындары, кыргыз тилиндеги клавиатура;
  • интернеттин Кыргыз Республикасынын аймагына чыгуу мүмкүнчүлүгү;
  • тест графигинде төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү зарыл: тест тапшыруучунун аты-жөнү, өткөрүү күнү, убактысы.

 Эскертүү: «Кыргызтест»  системасы боюнча жүргүзүлгөн бардык тесттер толук көлөмдө «Кыргызтест» Мамлекеттик мекемесинин сайтында онлайн көрсөтүлүп, видеого жазылып турат.