Лексикалык минимумдар В1

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ «ОРТОҢКУ»
ДЕҢГЭЭЛДЕ БИЛҮҮДӨГҮ
ЛЕКСИКАЛЫК МИНИМУМ

 ОРТОҢКУ деңгээлдин лексикалык минимуму аталган стандарттын тематикалык жана интенциалдык минимумунун алкагында баарлашууну камсыз кыла турган 3000 бирдикти түзөт. Бул деңгээлдин негизги активдүү  сөздүгү, жеке (күнүмдүк-тиричилик), коомдук, социалдык-маданий (окуу жана кесиптик) жана чөйрөлөрдөгү баарлашууну камсыз кылат.

Мамлекеттик тилди ортоңку деңгээлде билүүдөгү лексикалык минимумдун тематикалык планы

ТЕМА:  МАЗМУНУ:
Өзү жөнүндө
Үй-бүлөсү жөнүндө
Курбу-курдаштары жөнүндө
• Өзүнүн толук таржымалын баяндоо;
• Келбети;
• Ички дүйнөсү (мүнөзү/адамдын акыбалы, сезимдери);
• Келечектеги кесибин (окуусун/жумушун тандап) тандап алуусу.
Ата-энеси, бир туугандары, балдары жөнүндө толук маалымат жана жакын туугандары (атасы жана энеси тарабынан) жөнүндө учкай маалымат:
• кызыккан нерселери;
• келбети;
• ички дүйнөсү (мүнөзү/акыбалы, сезимдери);
• келечектеги кесибин, же азыркы (окуусун/жумушун тандап) тандап алуусу.
Турак-жайы. Үйү Үйү жөнүндө толук маалымат:
• бөлмөлөрү;
• эмереги;
• тиричилик техникасы;
• тиричилик буюмдары;
• идиш-аягы;
• багы/короосу.
Күнүмдүк турмушу • Күн тартиби;
• Окуу (окуу жайларынын түрлөрү/класс, аудитория/кеңсе буюмдары/окуу процесси);
•  Иш орду
• Кесиптин түрүн тандоо (гуманитардык, табигый, так/техникалык);
• Окуу процессинен/ иштен тышкаркы убакта сабакка өз алдынча даярдануусу/ убакыт өткөрүүсү.