МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ОРТОДОН ЖОГОРУ ДЕҢГЭЭЛДЕ БИЛҮҮГӨ КОЮЛГАН ТАЛАПТАР

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ОРТОДОН ЖОГОРУ ДЕҢГЭЭЛДЕ БИЛҮҮГӨ КОЮЛГАН ТАЛАПТАР
1.КОММУНИКАТИВДИК КОМПЕТЕНЦИЯНЫН МАЗМУНУ
1.1 СҮЙЛӨШҮҮНҮН МИЛДЕТТЕРИ, МАКСАТТАРЫ.
МАЕКТЕШҮҮ КЫРДААЛДАРЫ ЖАНА ТЕМАЛАРЫ
1.1.1 КОММУНИКАТИВДИК НИЕТ-МАКСАТТАРДЫ (ИНТЕНЦИЯЛАРДЫ) ИШКЕ АШЫРУУ

ОРТОДОН ЖОГОРУ деңгээлдин алкагында коммуникативдик ниет-максаттарды вербалдык түрдө ишке ашырууда жарандар маекке катышуучулардын бири-бирине болгон мамилелерин жөнгө салган, баа берүү көз карашын билдирген төмөндөгү татаал интенцияларды кыргыз тилинин адабий тилдик нормаларына, кептик этикетке жана өзүнүн аткарган кызматына ылайык расмий жана расмий эмес формада оозеки жана жазуу түрүндө аткара билүүсү керек, алар:

Байланыш түзүү:

  • маекке катыша билүү;
  • маекке демилгечи болуу;
  • маекти кубаттоо;
  • маектин багытын/темасын өзгөртүү;
  • сүйлөшүү кырдаалына жараша маекти адекваттуу бүтүрүү;
  • адамдын көңүлүн буруу;
  • өзүн жана башкаларды сүйлөшүү кырдаалына жана кептик этикетке ылайык тааныштыра билүү;
  • ыраазычылык билдирүү;
  • кечирим суроо жана кечирим кабыл ала билүү;
  • куттуктоо айтуу жана куттуктоого жооп бере билүү;
  • ортоктош болуу;
  • ийгилик каалоо;
  • чакыруу;
  • көңүл айтуу;
  • маектештериндин социалдык ролдоруна жараша саламдашуу же коштошуунун түрлөрүн колдонуу;

 Жөнгө салуу:

  • маектешине кыймыл-аракетти аткарууга түрткү берүү;
  • өтүнүчүн, кеңешин берүү;
  • сунуш кылуу;
  • каалоосун билдирүү;
  • талап кылуу;
  • буйрук берүү;
  • көрсөтмө берүү;
  • каалоо-тилекке жооп кайтаруу;
  • макулдугун же макул эместигин билдирүү;
  • уруксат берүү;
  • тыюу салуу;
  • каршы болуу;
  • күмөн болуу;
  • убада берүү;
  • ынандыруу;
  • кепилдик берүү;
  • үмүттөндүрүү.

Маалымат берүү:

  • окуялар жана фактылар тууралуу сурамжылоо;
  • шарттары,
  • максаттары,
  • себептери,
  • натыйжалары,
  • мүмкүнчүлүктөрү,
  • ыктымалдыгы,
  • зарылчылыгы тууралуу айта же сурай билүү; ошондой эле:
  • толуктоо;
  • тактоо;
  • сураштыруу;
  • түшүндүрүү ж.б. аткара билүү

Баа берүү:

Интеллектуалдык мамилесин билүү жана билдирүү:

  • каалоо-тилеги;
  • керектөөсү;
  • ниети;
  • артык көрүүсү;
  • күмөндүгү;
  • божомолдоосу;
  • кабардар болгондугу;
  • корутунду чыгаруу.

Моралдык-адептик баа берүү жана себебин аныктоо:

  • колдоо;
  • мактоо;
  • жемелөө;
  • күнөөлөө;
  • жектөө,
  • уяткаруу.

Социалдык-укуктук баа берүү жана себебин аныктоо:

  • актоо;
  • коргоо;
  • күнөөлөө.

 Рационалдуу баа берүү жана себебин аныктоо:

  • стандарт менен салыштыруу;
  • норма менен салыштыруу;
  • максатка ылайыктуулугун тастыктоо;
  • натыйжалуулугун баалоо;
  • мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги;
  • тууралыгы/аныктыгы;
  • ыктымалдуулугу/ыктымалдуулуктун жетишсиздиги ж. б.

 Эмоционалдык баа берүү жана себебин аныктоо:

  • артык көрүү;
  • канааттануу/канааттанбоо;
  • таң калуу;
  • кызыгуу;
  • көңүлкош болуу;
  • суктануу;
  • көңүл калуу;
  • кыжырдануу;
  • кайдыгер болуу;
  • жактыруу/жактырбоо;
  • кайгы/санаа тартуу;
  • коркуу;
  • тынчсыздануу;
  • чочулоо;
  • көңүлү жай же жай эместиги;
  • үмүттөнүү.
1.1.2 Коммуникативдик ниет-максаттарды
ишке ашыруу чөйрөлөрү:

Жаран ОРТОДОН ЖОГОРУ деңгээлде актуалдуу тематикалык алкактардагы бардык темаларда кыргыз тилинин адабий тилдик нормаларына, кептик этикетке жана өзүнүн социалдык аткарган кызматына ылайык расмий жана расмий эмес түрдө, кептин социалдык жана психологиялык жактан маанилүү кырдаалдарында оозеки жана жазуу түрүндө оюн билдирип, суроолорго адекваттуу жооп бере алышы керек.

Социалдык-маданий чөйрө:

  • жеке тиричиликтик жана социалдык керектөөлөрдү ишке ашырууда социалдык-тиричиликтик чөйрөдө (банк, медицина тармактары, камсыздандыруу компаниялары, тамактануу жайлары, коомдук унаа ж. б.) кырдаалга, кеп маданиятына жана өзүнүн аткарган кызматына ылайык расмий, расмий эмес түрдө коммуникативдик ниет-максатын ишке ашыруу.
  • .өзүнүн эстетикалык, таанып билүү керектөөлөрүн канааттандырууда: маданий тармактарда (театр, кино, көргөзмө, музей, китепкана ж. б.), көркөм адабият жана искусство чыгармаларын кабыл алууда жана аларды талкуулоодо; эстетикалык, таанып билүү керектөөлөрүн ишке ашырууда; улуттук каада-салттарды, диний ырым-жырымдарды чечмелөөдө же колдонууда кырдаалга жараша расмий же расмий эмес түрдө кеп маданиятына жана өзүнүн аткарган кызматына ылайык коммуникативдик ниет-максатын ишке ашыруу.

Билим алуу чөйрөсү:

  • билим берүү системасына, окуу процессине, сабактардын түрлөрүнө тиешелүү маалыматтарды тактай, аныктай, толуктай же сурай билүү;
  • окууга байланыштуу түрдүү кырдаалдарда сүйлөшүүгө жана талкууга катышып көз карашын, ой-пикирин билдире алуу;
  • дебаттарга, конференцияларга ж. б. илимий-коомдук иштерге катышып, сөз сүйлөө, публицистикалык стилде макала жазуу, талдоо жүргүзүп, кыргыз тилинин адабий тилдик нормаларына, кептик этикетке ылайык расмий жана расмий эмес формада оозеки жана жазуу түрүндө корутунду чыгара билүү.

Кесиптик чөйрө

  • кесиптик милдетине тиешелүү иш кагаздардын бардык түрлөрүн түзө билүү;
  • расмий, расмий эмес формада оозеки жана жазуу түрүндө жагдайга жана инсандын аткарган кызматына жараша угуучуларга таасирдүү кайрылууларды жасап, көрсөтмөлөрдү, тапшырмаларды бере алуу жана зарыл маалыматты аныктай, тактай билүү;
  • жагдайга жана инсандын аткарган кызматына ылайык деңгээлде маалыматтын көйгөйлүү экенин жеткире /билдире алуу;
  • жарандардын каттарын, кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын кабыл алып, оозеки жана жазуу жүзүндө жарандардын аткарган кызматына ылайык сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алуу;
  • жыйынга (отурум, конференция ж. б.), илимий-коомдук иштерге катышып, сөз сүйлөө, публицистикалык стилде макала жазуу, талдоо жүргүзүп, кыргыз тилинин адабий тилдик нормаларына, кептик этикетке ылайык расмий жана расмий эмес формада оозеки жана жазуу түрүндө корутунду чыгара билүү.

Жалпы адамзаттык маселелер чөйрөсүндө (административдик мекемелер, сот органдары, мамлекеттик инспекциялар (салык, авто ж. б.), тейлөө жайлары ж. б. тармактар) жарандар өзүнүн аткарган кызматына ылайык сүйлөшүүлөрдү оозеки жана жазуу түрдө расмий же расмий эмес формада төмөндөгү актуалдуу тематикалык алкактарда жүргүзө билүүгө тийиш:

  1. Жеке керектөөлөрдү камсыз кылуучу актуалдуу темалар:
  • «Адам жана анын жеке турмушу»
  • «Үй-бүлө»
  • «Иш-кызмат»
  • «Эс алуу»
  • «Аял жана эркек»
  • «Ата-эне жана балдар»
  • «Саякат»
  • «Бош убакыт»
  • «Кызыгуулар»
  1. Социалдык-маданий мүнөздөгү актуалдуу темалар:
  • «Адам жана коом»
  • «Адам жана саясат»
  • «Адам жана экономика»
  • «Адам жана илим»
  • «Адам жана искусство»
  • «Адам жана спорт»
  1. Жалпы гуманисттик маселелерге тиешелүү актуалдуу темалар:
  • «Адам жана жаратылыш»;
  • «Жер – жалпыбыздын үйүбүз»;
  • «Адамзаттын руханий өнүгүүсү»;
  • «Адам жана космостук мейкиндикти багындыруу».