“ЖАЗУУ” субтестинин деңгээлдер боюнча темалары:

“ЖАЗУУ” субтестинин деңгээлдер боюнча темалары:
Cизге 10 суроо сунушталат.
Ар бир суроону кунт коюп окуп, жообун жазыңыз.
Эскертүү: сандарды цифра менен эмес, сөз менен жазуу керек.

Вам предлагается 10 вопросов.
Внимательно прочитайте каждый вопрос и напишите ответ.
Примечание: числа необходимо писать прописью, а не цифрами.

1. Сиз кайда туулгансыз?
2. Сиз саат канчада турасыз?
3. Кайсы университетте окугансыз?
4. Сиз кайсы жакта иштейсиз?
5. Сиз ким болуп иштейсиз?
6. Силердин бөлүмдө канча адам иштейт?
7. Ишиңиз кызыктуубу?
8. Сиз юрист болуп иштейсизби?
9. Сиздердин мекеме кайсы көчөдө жайгашкан?
10. Компьютерде иштейсизби?
11. Түшкү тыныгуу саат канчада болот?
12. Жумуш саат беште бүтөбү?
13. Сиз кайсы жакта жашайсыз?
14. Сиз жашаган жерде кандай театрлар бар?
15. Сизге кандай музыка жагат?
16. Сизге кайсы актёр жагат?
17. Бүгүн кайсы күн?
18. Бир айда канча күн бар?
19. Жыл мезгилдери кайсылар?
20. Кайсы мезгилде жамгыр көп жаайт?
21. Кышында кандай майрамдар болот?
22. Бишкекте заводдор барбы?
23. Биздин өлкөнүн аталышы кандай?
24. Кыргызстандын борбору кайсы шаар?
25. Кыргызстанда канча облус бар?

А1 деңгээлинин талаптары боюнча ушул сыяктуу суроолуу сүйлөмдөр берилет.
(Берилген тема боюнча 10-12 сүйлөмдүн чегинде жазуу жүзүндө баяндап берүү керек)

1. Өзүм жөнүндө
2. Биздин үй-бүлө
3. Биздин кошуналар
4. Менин эң бактылуу күнүм
5. Менин биринчи мугалимим
6. Менин иш күнүм
7. Менин кесиптешим
8. Менин курдаштарым
9. Менин кесибим
10. Менин сүйүктүү мезгилим
11. Менин бош убактым
12. Мага жаккан спорт оюндары
13. Менин кызыгууларым (хобби)
14. Менин сүйүктүү жазуучум
15. Иш бөлмөм
16. Дем алыш күндөрү
17. Жайкы эс алуу
18. Жыл мезгилдери
19. Улуттук оюндар
20. Мекеним Кыргызстан
21. Кыргызстандын шаарлары
22. Кыргызстандын тоолору
23. Кыргызстандын кооз жерлери
24. Кыргызстандын көлдөрү
25. Кыргызстандын жаштары

А2 деңгээлинин талаптары боюнча ушул сыяктуу темалар берилет.
(Берилген тема боюнча 12-15 сүйлөмдүн чегинде жазуу жүзүндө баяндап берүү керек)

1. Туулган жерим
2. Менин биринчи мугалимим
3. Менин курдаштарым
4. Менин кесибим
5. Мага жаккан жыл мезгили
6. Мен кызыккан нерселер
7. Мен жактырган чыгарма
8. Мени кызыктырган спорттук оюндар
9. Менин кесиптештерим
10. Мен иштеген мекеме
11. Кызматтык милдеттерим
12. Мен жана жаратылыш
13. Биздин кошуналар
14. Биздин тоолор
15. Жайкы эс алуу
16. Ар бир кесип ардактуу
17. Алтын балалык
18. Улуттук оюндар
19. Маданияттуу болуу
20. Биздин ден соолук
21. Карылар үйү
22. Ынтымактуу жашоо
23. Кыргызстандын эли
24. Менин өлкөм – Кыргызстан
25. Кыргызстандын жолдору
26. Кыргызстандын көлдөрү
27. Кыргызстандын жаштары
28. Кыргызстандын белгилүү инсандары
29. Кыргыз элинин каада-салттары
30. Кыргызстандын келечеги

В1 деңгээлинин талаптары боюнча ушул сыяктуу темалар берилет.
(Берилген тема боюнча 15-18 сүйлөмдүн чегинде жазуу жүзүндө баяндап берүү керек)

1. Адамды сөзүнөн тааны
2. Иштебеген тиштебейт
3. Эл эмгегин жер жебейт
4. Суу – өмүр булагы
5. Ынтымак бар жерде ырыс бар
6. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат
7. Эне тил болбой, эл болбойт
8. Окуу – билим булагы, билим – өмүр чырагы
9. Мугалим – мөмөлүү дарак
10. Туулган жердин топурагы – алтын
11. Улууга – урмат, кичүүгө – ызат
12. Бетке айткан сөздүн заары жок
13. Биздин манасчылар
14. Ааламга жол айылдан башталат
15. Күчтүү аймак – күчтүү мамлекет
16. Ар бир кызмат – убактылуу берилген аманат
17. Бүгүнкү мээнетиң – эртеңки дөөлөтүң
18. Иштөө кыйын, сындоо оңой
19. Акчаны сарптай билбеген, жардылыктан кутулбайт
20. Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет
21. Колдо бардын кадыры жок
22. Кайдыгерликтин залакасы
23. Жаңылбаган адам болбойт
24. Патриот болуу – бул ...
25. Элге кызмат кылуу – бул ...
26. Алсызга жөлөк болуу – бул ...
27. Жакшылык кылуу – бул ...
28. Кошоматчылыктын таасири
29. Мансапкорлуктун натыйжасы
30. Адамдык касиет

В2 деңгээлинин талаптары боюнча ушул сыяктуу темалар берилет.
(Берилген тема боюнча 18-20 сүйлөмдүн чегинде жазуу жүзүндө баяндап берүү керек)

1. Жакшы болуу – аста-аста, жаман болуу – бир паста
2. Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык
3. Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү
4. Карысы бардын ырысы бар
5. Адам көркү – адеп
6. Сабырдын түбү – сары алтын
7. Жакшылыкка жакшылык – ар кишинин иши, жамандыкка жакшылык – эр кишинин иши
8. Жакшы кыз – жакадагы кундуз, жакшы жигит – көктөгү жылдыз
9. Эл эмгегин жер жебейт
10. Ата-энеңди сыйласаң, өз балаңдан жакшылык көрөрсүң
11. Ыймандуу бийде тууган жок
12. Туулган жердин топурагы алтын
13. Табият менен таттуу мамиледе болуу
14. Тарыхы болбой, эл болбойт
15. Ак ойлоп, адал иште
16. Жакшы – эли менен, жер – кени менен
17. Адамды адам кылган асыл эмгек
18. Бакыт эмгектен жаралат
19. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат
20. Үй-бүлө куруу, бала тарбиялоо жана улут алдындагы жоопкерчилик
21. Карынын кебин капка сал
22. Өнөр алды – кызыл тил
23. Ачуу – душман, акыл – дос
24. Кеңешип кескен бармак оорубайт
25. Чатакташкан эки адамдын акылдуусу айыптуу
26. Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт
27. Өзүңдү адаммын десең, элиңди жерибе!
28. Дүйнөдө майда эл жок ... Элдин улуулугу анын көптүгүндө эмес
29. Майда адам чокуга чыгып алса да, майда бойдон кала берет
30. Адамдын өмүрү узундугуна эмес, маанисине карай бааланат

С1 деңгээлинин талаптары боюнча ушул сыяктуу темалар берилет.