Саламаттыкты сактоо мининстрлиги тестке даярданууда

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин чакыруусу боюнча, 2018-жылдын 30-мартында «Кыргызтест» башкармалыгы тест системасы менен тааныштыруу презентациясын өткөрдү.
Презентацияны министрликтин статс-катчысы К. Т. Шадыханов ачып, Билим берүү жана илим министрлигинде «Кыргызтест» системасын түптөөгө биринчи күндөн бери катышып келген жетекчи катары катышуучулардын айрым суроолоруна өзү да жооп берип жатты. Суроо-жооптордун жүрүшүндө КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомунун алкагында өткөрүлө турган тестке кам көрүү максатында министрликтин жамаатына атайын курстар уюштурулуп, 2 айдан бери мамлекеттик тил боюнча окутуу жүргүзүлүп жаткандыгы маалым болду.
Презентациянын жүрүшүндө 2018-жылга белгиленген тесттин жүрүшү боюнча «Кыргызтест» жетекчиси Б.Б. Топоева-Ставинскаяга суроолор берилип, кызуу талкуулар жүрүп жатты.

          

You may also like...