Баамдоо тесттери мамлекеттик кызматкерлерге өз чөйрөсүндө мамлекеттик тилди колдоно билүүгө чоң көмөк көрсөтөт

Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу максатында, КЫРГЫЗТЕСТ түзүмү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баамдоо тесттерин өткөрүүдө.

Бүгүн, 26-февралда, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгынын кызматкерлери тест тапшырмалардын 5 түрү: лексика-грамматика, угуп түшүнүү, окуу, жазуу, сүйлөө субтесттери боюнча баамдоо тестинен өтүштү.

    
Аталган мекеменин мамлекеттик тил боюнча адиси Шейшенбек Бейшекеевдин маалыматына караганда, мындай баамдоо тесттери абдан натыйжалуу: “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөткөн чөйрөлөрдүн кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүүсүнө, өздөштүрүүсүнө жана аны өз чөйрөлөрүндө, иш тажрыйбасында колдоно билүүсүнө чоң көмөк көрсөтөт”.

    
Бүгүнкү күндө Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгынын 200дөн ашуун кызматкери баамдоо тестинен өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуп, анын 100гө жакыны тест тапшырып бүтүштү.

You may also like...