Мамлекеттик тилди билүү деӊгээлдери КЫРГЫЗТЕСТ тастыктамасынын негизинде аныкталат

Бүгүн, 29-мартта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери КЫРГЫЗТЕСТтин баамдоо тестинен өтүштү.

Баамдоо тесттери лексика-грамматика, угуу, жазуу, окуу жана сүйлөө жөндөмдөрүнө багытталган. Тесттик суроолордо кесиптик маселелер менен катар грамматиканы иш жүзүндө колдоно билүүгө басым жасалды.

    
Тесттин жүрүшүндө анын катышуучулары КЫРГЫЗТЕСТ тарабынан жасалып жаткан иштердин алгылыктуу экендигин белгилешти жана түзүмдүн мындан аркы ишине ийгилик каалашты.

    

Эске салсак, 2018-жылдан баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деӊгээлдери КЫРГЫЗТЕСТ тастыктамасынын негизинде аныкталат.

You may also like...