Семинар-тренингдин практикалык пайдасы

Беш күнгө созулган тажрыйба алмашуу максатындагы илимий-практикалык негизде айкалышкан семинар-тренингдин ар бир күнү бир субтестке арналып, “Лексика. Грамматика”, “Угуу”, “Окуу”, “Жазуу” жана “Сүйлөө” субтесттерин иштеп чыгуу жана тест жыйынтыгын чыгаруу боюнча окуу сабактары өтүлүп, практикалык иштер менен коштолуп турду. Ошондой эле, тест түзүүчүлөр менен эксперттер өз ара топко бөлүнүшүп, ар бир субтест боюнча талкуу жүргүзүшүп, өз ой-пикирлерин да билдирип жатышты. Катышуучулар көнүмүшкө айланган бир гана маалымат берүү иши менен чектелбестен, практикалык иш менен айкалышкан семинардын уюштурулушун жана натыйжалуулугун бийик баалашты.

    

    
Илимий-практикалык негизде айкалышкан семинар-тренинг “Кыргыз Республикасында 2014 – 2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июлундагы №119 Жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.

   

You may also like...