«КЫРГЫЗТЕСТ» – МОСКВА МАМЛЕКЕТТИК ЛИНГВИСТИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ

2023-жылдын 15-февралында «Эл аралык Эне тил күнүнө» карата «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин (ММЛУ) Чынгыз Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты борборунда кыргыз тилин үйрөнүп жаткан студенттердин арасында флешмоб түрүндөгү чакан тест өткөрдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин колдоосу менен уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан бекитилген бир айлыктын иш планынын алкагында өттү.

Жолугушуунун башында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская жана жетектөөчү адиси Б. Талапов улуттук «Кыргызтест» системасы менен тааныштырышты. Андан соң ММЛУнун Эл аралык мамилелер жана социалдык-саясий илимдер институтунун чөлкөм таануу бөлүмүнүн 2-курсунун студенттери тестке кызыгуу менен катышып, кыргыз тилин жакшы деңгээлде билерин көрсөтүштү. Студенттер кыргыз тили эне тили болгон адамдар менен баарлашуу жана кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча талкууга катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүнө кубанычта болушту.

Флешмобдун аягында «Кыргызтесттин» директору Б. Б. Топоева-Ставинская ММЛУнун жетекчилигине жана студенттерине кызыктуу жана жемиштүү иштери, кыргыз тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуулары жана кыргыз элинин маданиятына болгон урматы үчүн ыраазычылык билдирди.

Флешмоб түрүндөгү чакан тест 16-17-февраль күндөрү Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында жашап, эмгектенген мекендештердин арасында Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүнүн Санкт-Петербургдагы Кеңсесинде улантылат.

«Кабар» маалымат агенттигинин жаңылыктары В России продолжается флешмоб, посвященный кыргызскому языку

You may also like...