«КЫРГЫЗТЕСТ» СИСТЕМАСЫ МЕНЕН ТААНЫШУУ

        Бүгүн, 2024-жылдын 06-мартында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жаңы дайындалган төрагасы Мелис Казакбаевич Мураталиев «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин иши менен жеринен таанышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө алгач Төрага мекеменин орун-жайын жана  тест өтүүчү компьютердик класстардын абалын көрүп чыкты. Мекеменин директору Б.Б. Топоева-Ставинская «Кыргызтесттин» аткарган иши, негизги багыттары, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 32, 33, 37-беренелеринин жана Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын аткарылышы боюнча кеңири маалымат берди.

Мелис Казакбаевич «Кыргызтест» системасынын чакан тестин аткаруу аркылуу мазмунун баамдап чыкты. М.К. Мураталиев менен Б.Б. Топоева-Ставинская мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн келечектеги багыттарын талкуулашты.

      

Жолугушуу аягында М.К. Мураталиев  «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.

You may also like...