КЫРГЫЗТЕСТ: 2022-ЖЫЛДЫН 1–4-НОЯБРЫ

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси КР Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө жүргөн кызматкерлери үчүн онлайн форматта тест жүргүзүүнү улантууда. Атап айтсак, 2022-жылдын 1-ноябрында жана 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилигинин кеңешчиси мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышышты.

Мындан тышкары, бекитилген графикке ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика жана  коммерция министрлигинин, Бишкек шаарынын Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери тестке катышышты.

 Тест жыйынтыктары «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин kyrgyztest.gov.kg

  сайтынын «ТЕСТ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ» деп аталган бөлүгүнө жайгаштырылды.

You may also like...