КЫРГЫЗТЕСТ: ЧОЛПОН-АТА ШААРЫНДАГЫ ЖЫЙЫН

       2023-жылдын 17-мартында Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик тилдин абалы тууралуу жыйын өттү.

       Жыйынга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская, КР Перзидентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары У.Э. Далиев, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Д.А. Акматова, Чолпон-Ата шаарынын мэри Ж.Т. Ормонов, Чолпон-Ата шаарынын мамлекеттик администрациясынын, билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана ЖМК өкүлдөрү катышышты.

       Иш-чарада аталган аймактын жетекчилери Ысык-Көл облусунда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана өнүгүшү тууралуу маалыматтарын беришти.

       Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев «Мамлекеттик органдардагы мамлекеттик тилдин колдонулушу: Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик тилдин абалы. «КР мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын долбоору, «КР жарнама жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы» тууралуу баяндама жасады.

       Ал эми «Кыргызтест» мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү орду тууралуу айтып берди.

You may also like...