КЫРГЫЗТЕСТ: БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ ФЛЕШМОБДО

       2023-жылдын 14-мартында саат 10:00дон саат 16:00 чейин «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери үчүн Чокморов көчөсү, 246 дареги боюнча жайгашкан борбордук китепканада мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү деңгээлин аныктоо боюнча флешмоб форматындагы чакан тесттерди уюштурду.

       Флешмобго Бишкек шаарынын мэриясынын администрациялык райондорунун, түзүмдүк мекемелеринин жана муниципалдык ишканаларынын кызматчылары жана шаардык мектептердин мугалимдери, окуучулары активдүү катышып, жалпысынан 70 адам чакан тесттен өттү.

You may also like...