«Кыргызтест»: жаңы кадамдар

       2019-жылдын 20,25-июнь күндөрүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин өнүгүү тарыхында алгач жолу «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести онлайн тартибинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигине караштуу Санкт-Петербургдагы канцеляриясында эмгектенген кызматчылардын арасында жүргүзүлдү.

       Бул күндөрү «Кыргызтест» системасынын негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинскаянын Санкт-Петербург шаарындагы чет тилдер институнда эл аралык ХХХ конференциясына катышуу боюнча иш сапарынын алкагында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү  менен жолугушуулары уюштурулуп, «Кыргызтест» системасы менен тааныштыруу презентациялары өткөрүлүп жатты.

       Тестке Кыргыз Республикасынын Санкт-Петербургдагы канцеляриясынын консулу А. А.Токбаева, ардактуу консулдун жардамчысы А. М. Мамышев, Санкт-Петербургдагы кыргыз автономиясынын коомдук уюмунун вице-президенти С.И. Жапарова, жазуучу акын Ө. Мамаева ж.б.  катышты. Ошондой эле  каалоочулар үчүн да тест тапшырып көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

       Жыйынтыгында, тестти ийгиликтүү тапшыргандарга мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин тастыктаган сертификаттар ыйгарылды.

       Тестке катышкан мекендештер Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги тест системасы иштелип чыкканын кубануу менен кабыл алышып, ыраазычылык билдирип жатышты.

       Ошентип, региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси алдыга дагы бир кадам шилтеп, жаңы технологияларды колдонуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашырууга аракет жасады.

You may also like...