2015-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Кыргызтест сынагынан өтүштү
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Д. Ниязалиеванын 2015-жылдын 18-майындагы № 21-20499-тапшырмасы боюнча бекитилген графикке жараша үстүбүздөгү жылдын май-июль айларында Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борбору министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлеринин арасында КЫРГЫЗТЕСТ системасы боюнча көнүгүү тест сынагын жүргүзөт.
Бүгүн, 10-декабрда, КЫРГЫЗТЕСТтин көнүгүү сынагынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери өтүштү. Тесттин жыйынтыгы биздин сайтка, бүгүн саат 18:00дө жайгаштырылат.