2015-жылдын 30-июнунда КР Транспорт жана коммуникация министрлигинин кызматкерлери Кыргызтест сынагынан өтүштү

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Д. Ниязалиеванын 2015-жылдын 18-майындагы № 21-20499-тапшырмасы боюнча бекитилген графикке жараша үстүбүздөгү жылдын май-июль айларында Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борбору министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлеринин арасында КЫРГЫЗТЕСТ системасы боюнча көнүгүү тест сынагын жүргүзөт.

Бүгүн, 30-июнда, КЫРГЫЗТЕСТтин көнүгүү сынагынан КР Транспорт жана коммуникация министрлигинин 14 кызматкери өтүштү.

Тесттин жыйынтыгы биздин сайтка, бүгүн саат 18:00дө жайгаштырылат.

    

    

You may also like...