2017-жылдан тарта жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик тилден тест тапшырышат

14-марттан 16-мартка чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борборунун КЫРГЫЗТЕСТ түзүмүнүн адистери Чүй облусунун бардык райондорунун жалпы билим берүү мекемелери жана кесиптик лицейлеринин мамлекеттик тил адистерине практикалык көчмө семинар өткөрүштү.

Семинардын катышуучулары 2017-жылы жалпы билим берүү мекемелерининбүтүрүүчүлөрү мамлекеттик тилден тапшыруучу тест жөнүндө маалымат алышты.

    

Аталган иш-чарага жалпы област боюнча 400дөн ашуун орто мектептер менен кесиптик лицейлерден 700гө чукул педагог катышып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерине коюлган талаптардан турган комплект китептерди алышты.

     
Жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн 2017-жылы мамлекеттик тил боюнча өтүүчү тестке даярдоо “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын” ишке ашыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында жарандардын кыргыз тилинен билим деңгээлин аныктоочу КЫРГЫЗТЕСТ системасынын Концепциясынын” алкагында өтүүдө.

You may also like...