КР ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ТИЛ САЯСАТЫ БОЮНЧА УЛУТТУК КОМИССИЯ БАКУ ШААРЫНДА

Бүгүн, 2022-жылдын 19-декабрында Азербайжан Республикасынын Баку шаарына болгон иш сапарынын алгачкы күнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев Түрк маданияты жана мурасы эл аралык фондунун президенти Гүнай Эфендиева менен жолугушту.

Гүнай Эфендиева – жетектеген Түрк маданияты жана мурасы эл аралык фонду аркылуу жалпы түрк мурасын коргоо, калыбына келтирүү жана жайылтуу боюнча түрдүү иш-чараларды жүргүзүп келген адам. Өз кезегинде Каныбек Осмоналиев өлкөдө тил саясатын өркүндөтүү, ошондой эле кыргыз элинин руханий баалуулуктарын жандандырууда жана өнүктүрүүдө мамлекеттик тилдин ролун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымдады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар түрк элдеринин маданиятын, тилдерин ар тараптан колдоого алуу зарылчылыгын жана аны ишке ашыруу жолдорун талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Осмоналиев уюштурган бул жолугушууга Түрк мамлекеттеринин Уюмунун Башкы катчысынын орун басары Ержан Мукаш, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская катышышты.

You may also like...