МОБИЛДИК ТЕСТТЕР – ТАЛАС ОБЛУСУНДА
Урматтуу Талас облусунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери!
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси 2023-жылдын 4-16-сентябрь күндөрү Талас облусунда мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча көчмө тест уюштурат. Мобилдик тесттер Талас шаарында Ч. Айтматов көчөсү, 192 дарегинде жайгашкан Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин 113-дарсканасында өткөрүлөт.
Тесттен өтүүнү, деңгээлин жогорулатууну жана субтесттерди кайра тапшырууну каалагандар толук маалымат алуу үчүн +996 501 611 612 телефону аркылуу байланыша алышат.
![](https://kyrgyztest.gov.kg/wp-content/uploads/2023/09/2222-1280x720.jpg)