КЫРГЫЗТЕСТ: УЧУРДАГЫ ИШТЕР

           2024-жылдын 16-сентябрынан 20-сентябрына чейин «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр институтунун, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышты.

           Аталган күндөрү Нарын облусунда мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын арасында уюштурулган мобилдик тест жыйынтыкталды. 16-сентябрдан 19-сентябрга чейин Нарын шаарында Нарын облустук прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, Нарын шаарынын мэриясынын кызматкерлери тестке катышып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныкташты.

           Бишкек шаары жана Нарын облусу боюнча жалпысынан 328 кызматкер тест тапшырды.

You may also like...