«Кыргызтест» менен тааныштыруу : ЭККК

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Караштуу Экономикалык Кылмыштуулукка Каршы Күрөшүү боюнча Мамлекеттик Кызматынын  чакыруусу боюнча, 2018-жылдын 6-мартында «Кыргызтест» башкармалыгы аталган  мекеменин жамаатына тест системасы боюнча презентация өткөрдү.

Презентацияга 40 кызматкер, тактап айтканда, борбордук аппарат кызматкерлери, бөлүм башчылары, ЭККК офицерлери, жана инспекторлор катышып, керектүү маалымат алышты.

Презентациянын жүрүшүндө  2017-жылдын 21-ноябрындагы КР Өкмөтүнүн №757 токтомунун аткарылышы жана 2018-жылга белгиленген тесттин жүрүшү боюнча «Кыргызтест» жетекчиси Б.Б. Топоева-Ставинскаяга суроолор берилип, презентациянын аягында ЭККК жамааты   баамдоо тестинен өтүүнү каалоосун айтышып, «Кыргызтест» өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдиришти.

                

 

You may also like...