«КЫРГЫЗТЕСТ»: КАРАКОЛ ШААРЫНДАГЫ МОБИЛДИК ТЕСТ

          «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу 2023-жылдын 18-23-декабрь күндөрү Ысык-Көл облусундагы административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча мобилдик тест жүргүздү.

          Аталган күндөрү Ысык-Көл облусу боюнча Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң райондорунун жана Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларынын административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери тест тапшырды.

          Ал эми Кыргызтесттин Бишкек шаарындагы кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана «Бишкек» ЭЭАнын кызматкерлеринин (СЭЗ) арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча  тест өткөрүлдү.

          Жалпы 810 кызматкер тест тапшырды.

You may also like...