КУЛАКТАНДЫРУУ

            Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана меймандары!

            Бүгүн, 2024-жылдын 23-сентябрында Мамлекеттик тил күнүнө карата «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын «Бишкек Парк» соода борборунун 1М кабатында саат 11:00дон бери флешмоб (чакан тест) өткөрүп жатат.

         Флешмобго Бишкек шаарынын жалпы тургундарын, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүн, бардык каалоочуларды чакырабыз.

         Бардык  субтесттер боюнча тест жыйынтыгы тест бүтөр замат берилип, тесттин жыйынтыгы боюнча катышуучуларга белектер ыйгарылууда.

         Биздин флешмобго катышып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлиңиздерди аныктап кетиңиздер!

You may also like...