КЫРГЫЗТЕСТ: БИШКЕК ЖАНА ОШ ШААРЛАРЫНДАГЫ ТЕСТТЕР
2024-жылдын 28-октябрынан 1-ноябрына чейин Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестке катышты.
«Кыргызтесттин» көчмө тобу Ош облусунда өз ишин улантууда. Бул күндөрү Ош шаарындагы мобилдик тестке КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын, КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын жана Ош облустук прокуратурасынын кызматкерлери катышып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныкташты.
Бишкек шаары жана Ош облусу боюнча жалпы 769 кызматчы тест тапшырды.