КЫРГЫЗТЕСТ: ЭНЕ ТИЛДИН БИР АЙЛЫГЫ

        21-февраль – Эл аралык Эне тил күнүнө карата Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов Кыргыз Республикасында Эне тил күнүн белгилөөнүн бир айлыгын  жарыялады.

       Аталган бир айлыктын иш планынын алкагында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси 9–10-февраль күндөрү Токмок шаарында мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү деңгээлин аныктоо боюнча флешмоб форматындагы чакан тесттерди уюштурду. Флешмобго Токмок шаарынын мэриясынын кызматкерлери жана шаар тургундары активдүү катышышты.

       Мындан тышкары, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси 21-февралды «ачык эшик күнү» деп жарыялайт жана кыргыз же орус тилдерин билүү деңгээлин аныктоону каалаган бардык жарандарды Бишкек ш., Т.Саманчин көчөсү, 6А дареги боюнча жайгашкан «Кыргызтест» мекемесине тестке чакырат.

You may also like...