Кыргыз тилди санариптик окутуу платформасы Конституциялык соттун кызматкерлерине тааныштырылды
Бүгүн, 2025-жылдын 13-мартында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун атайын чакыруусу менен КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Б.Б.Топоева-Ставинская тарабынан иштелип чыккан Кыргыз тилди санариптик окутуу платформасынын бет ачары өткөрүлдү.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Э. Өскөнбаев, аппарат жетекчиси К.Масалбеков, сот кызматкерлери, судьялар жана жалпы жамааты катышты.
Бул платформанын негизги максаты – Кыргыз тилин санариптик технологиялар аркылуу эффективдүү үйрөнүүгө шарт түзүү. Платформада заманбап окутуу методдору, интерактивдүү көнүгүүлөр жана ресурстар бар, алар адамдарга Кыргыз тилин үйрөнүүнү жеңилдетет жана тилге болгон кызыгууну арттырат.
Платформа менен тааныштырылган соң, Конституциялык соттун кызматкерлери колдоого алып, кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү маселесине чоң маани берүү керек экендигин баса белгилешип, тил адистери бул платформаны кыргыз тилди жайылтуу, аны санариптик дүйнөгө киргизүү жана келечекте кыргыз тилинин өнүгүшүнө чоң салым кошо турганы тууралуу өз пикирлерин билдиришти.
Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев белгилегендей, мындай долбоорлор өлкөнүн тил саясатын илгерилетүүдө маанилүү роль ойнойт жана кыргыз тилин үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
Санариптик платформанын иштелип чыгышы Кыргыз тилинин санариптик окутууларынын жаңы багытын ачып, келечекте тил үйрөнүү процесстерин эффективдүү жана жеткиликтүү кылат.






