«КЫРГЫЗТЕСТ»: КӨЧМӨ ТОП АЙМАКТАРДА ТЕСТ ЖҮРГҮЗҮҮДӨ

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу 2022-жылдын 4-апрелинен 15-апрелине чейин Ош облусунун Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Араван, Өзгөн райондорунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо максатында А1, А2, В1, В2 жана С1 деңгээлдери боюнча тест жүргүздү. Тестке Ош шаарынын мэриясынын, ички иштер башкармалыгынын, ички иштер башкы башкармалыгынын жана облустун башка мекеме-уюмдарынын кызматкерлери, жалпысынан 530 адам катышты.

Көчмө топ 2022-жылдын 18-апрелинен 29-апрелине чейин Жалал-Абад облусунда тест жүргүзүүнү улантат.

Эскертүү: Жалал-Абад облусунда тестке катышуу боюнча толук маалыматты (555) 150646 телефону аркылуу алууга болот.

You may also like...