«КЫРГЫЗТЕСТ»КАЗАКСТАН КОНФЕРЕНЦИЯСЫНДА

       2024-жылдын 30-октябрында Астана шаарында Казакстан Республикасынын Улуттук тест борбору “УБТ 20 жыл: билим берүүнү тест жүргүзүү аркылуу трансформациялоо” эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга расмий чакыруунун негизинде “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери да катышты.

Билим берүүнү баалоо боюнча эл аралык эксперттерди бириктирген илимий-практикалык конференциянын пленардык жыйынында “Кыргызтест” системасынын түптөөчүсү Топоева-Ставинская Батма Болоталиевна “Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоодо санариптик технологияларды пайдалануу” деген темада баяндама жасап, улуттук системанын басып өткөн жолундагы тажрыйбалары жана жетишкендиктери менен бөлүштү. Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинде бир гана «Кыргызтест» тестти толугу менен электрондук нукта жүргүзүп жаткандыктан,  бул баяндама конференциянын катышуучуларынын кызыгуусун арттырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси менен Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин Улуттук тестирлөө борборунун ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Пленардык жыйындан кийин стратегиялык сессия болуп, конференциянын иши эки секцияда уланды. 1-секцияда Билим берүү сапатын баалоодогу заманбап багыттар, 2-секцияда Билим берүү сапатын баалоодо жасалма интеллект жана жаңы инновациялар боюнча баяндамалар жасалды. 

 

Тест жаатында эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык мындан ары да улана бермекчи.

You may also like...

casino siteleriDeneme BonuslarOnwincasibom girişcasino sitelericasibomcasibom girişholiganbetjojobet güncelbetturkey girişholiganbet girişcasibomcasibom sitesi