КЫРГЫЗТЕСТ: ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНҮН БИР АЙЛЫГЫ МОСКВАДА

Москва шаарында «Эл аралык Эне тил күнүнө» жарыяланган бир айлыктын алкагындагы иш-чаралар уланууда. Бүгүн «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери арасында мамлекеттик (кыргыз) жана расмий (орус) тилдер боюнча флешмоб түрүндөгү чакан тест өткөрдү.

Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара – Клара Самат жана ЕЭК министри Арзыбек Кожошев менен жолугушуп, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында бир катар маселелерди талкуулашты. Эртең ЕЭК кызматкерлери да тесттен өтүшөт.

Мындан тышкары, 12-февралда өткөрүлгөн тесттин жыйынтыгы менен Элчиликтин кызматкерлерине тиешелүү деңгээлдеги сертификаттар тапшырылды.

.

You may also like...