«Кыргызымдын кырк кызы» долбоорунун катышуучулары «Кыргызтесттен» мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүштү

2019-жылдын 11-мартында «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси тарабынан «Кыргыз тилектештиги коомдук бирикмеси» уюштурган «Кыргызымдын кырк кызы» долбоорунун катышуучуларына тест уюштурулду.

«Кыргыз тилектештиги коомдук бирикмеси» тарабынан чакырылган меймандарга сөз берилип, уюштуруучулар жана кырк кыздын насаатчылары кыздарга куттуктоо сөздөрүн, каалоо-тилектерин айтышты.

Адаттагыдай эле, тест тапшыруучуларга тесттин жүрүшү боюнча презентация жасалды.

Кырк кыз «Кыргызтест» системасы боюнча беш субтестти камтыган компьютердик тесттен өттү. Тесттин аягында кыздарга жыйынтыкка жараша сертификаттар ыйгарылды.

Тест тапшыруучулар, уюштуруучулар, кырк кыздын насаатчылары тесттин жүрүшү боюнча ыраазычылыгын билдирип жатышты.

You may also like...