«Кыргызтест» ишин улантууда

       Учурда Кыргызстандын бардык аймактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айыл өкмөтүнө талапкерлерди, мамлекеттик кызматкерлерди, мугалимдерди кыргыз тили боюнча тесттен өткөрүү жүрүп жатат. Ош, Баткен, Жалал-Абад областтары үчүн Ош шаарында (ОшМУда), Нарын жана Ысык-Көл үчүн Балыкчы шаарында атайын «Кыргызтесттин» көчмө топтору иш алып барууда. Жер-жерлерден келген айыл өкмөтүнө талапкерлер тестке активдүү катышууда. Тестке катышуучулардын абдан көптүгүнө байланыштуу «Кыргызтест» үч нөөмөттө иштеп, күнүнө 85тен ашуун катышуучу тейленүүдө. «Кыргызтесттен» өткөрүү айыл өкмөтүнө талапкерлерди тандоого кайсы бир деңгээлде таасирин тийгизип жатат.                 «Кыргызтесттин» максаты – бир гана тестти так жүргүзүү эмес, тесттен өткөрүү аркылуу сабатсыздыкты жоюу, 80 улуттун өкүлдөрү жашаган өлкөдө мамлекеттик тилдин кадырын өстүрүү жана Кыргызстандын ар бир жаранына бирдей мамиле жасап, өз деңгээлдерин аныктап алуусуна жакшы шарт түзүү.

       Урматтуу замандаш, сиз кыргыз тилин жакшы билесизби? Келип, билимиңизди текшерип кетиңиз.

You may also like...